Кыргыз Республикасынын бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округунан Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер                                                                         

 Юсупалиев Мунарбек Худайбердиевичтин

ШАЙЛОО ПЛАТФОРМАСЫ

Саламатсызбы окурман, мен Сиздер үчүн шайлоо алдындагы платформамды «Билим жана ден-соолук, бакубат жашоонун булагы» деген темада төмөнкү багыттар боюнча кыскача айтып кетүүнү абзел көрдүм.

Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо багытында.

Бүгүнкү күндө Баткен аймагында жана башка алыскы тоолуу чек-аралаш аймактарда жашоонун татаалдашып бараткандыгы аз келгенсип билим деңгээли, ден-соолуктун начарлагандыгы өзөктөн баштап урпактарыбызды басандатууга алып келүүдө, ушул көйгөйлөрдү чечуу максатында төмөнкүлөрдү сунуштаймын.

  1. Алгач кадр маселеси турат, өз кесибин мыкты билген мугалим жана врачтарыбыз чет өлкөлөрдө күн кечирип көп жылдардан бери жүрүшөт, ошол улан уул-кыздарыбыздын айлык маянасын эн жогорку денгээлде төлөп беруу менен алыскы тоолуу аймактарда эмгек стаждарын 1 жылын 1,5 жылга көбөйтүп кароо, бул метод менен 22 жаштагы ВУЗду жаны бүтүп келген адис 42 жашында пенсияга чыгып, анын ордуна кайрадан жаны бутургон 22-25 жаштагы жаш мыкты кадрларга жумуш ордуларын бошотуп берет, бул учурда врачтар 60 жашка чыканына чейин жумуш ордунан бошотулбашы керек, жаны кадрлар үчүн жаны жумуш ордун көбөйтүп ачып берүү зарыл.
  2. Заманбап техникалар-апаратуралар менен камсыздоо, медициналык препораттарды арзан баада жеткирип берүү менен бирге мектеп жана медицина үчүн бөлүнгөн каражаттардын баарын туура даректерине жеткирип пайдалануу, коррупция, монополия, аткезчилик жана тоноп талоочулукка жол бербөө.
  3. Ар бир айылда англис, орус тилдүү класстарын ачып, 1-класстан баштап окутуу зарыл жана 7-класска тандалып келген окуучуларды окутуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта гимназиялар ачылышы керек, бул муктаждыктарды учурдагы жеке мектептердин көп сандарда ачылып кеткендиги тастыктап турат. Гимназияларды бүткөн окуучуларга өлкөдөгү каалган окуу жайына бюджеттик орунга шарт түзүлүшү керек. Ошондой эле 11-класстан баштап окуучуларга кесиптик билим берүүнү киргизүү. (уста, ширетүүчү, айдоочу, ашпоздук, тигүүчү ж.б.)

Экономика жана маданият багытында:

        Мамлектебиздин экономика жана маданият багытында өнүгүүсүнө ар бир инсандын аракети, салымы өтө зарыл жана орду чон, аларга төмөнкүлөрдү атап кетсем болот;

  1. Кыргызыстан сууга бай, тоолуу аймак болгондугуна байланыштуу чакан гестерди куруу менен сугат жана таза суу көйгөйлөрүн азайтуу;

 2.Самаркандек аймагына өрүк-алма кактарын кургатып упаковкалоо цехин куруу

 3.Баткен аймагында жун жана терилерди сырьё катары даярдоочу кичи цети куруу  жана туризмди онуктуруу, эл аралык аэропортту ачуу менен бирге.

 4.Бүргөндү өрөөнүнө күрүчтү кайра иштетип чыгаруу, упаковкалоо цехин куруу;

5.Халмион аймагына Эркин Экономикалык Аймагын (СЭЗ) ачуу жана тоо чөптөрүнөн пайдаланып, медициналык даары дармектерди өндүрүүчү лабороторияларды ачуу мүмкүнчүлүгү бар;

Штабдын дареги: Баткен,  району, Чоң-Кара айылы

тел.: (0770) 62-67-57

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)