Салихов Кеңеш Каримович

                                      Өмүр  баян

Мен, Салихов Кеңеш Каримович, 1961-жылдын 4-ноябрында  Баткен  районунун  Самаркандек айылында, жумушчунун  үй-бүлөсүндө  төрөлгөнмүн. 1969-жылы мектепке окууга кирип  1979-жылы аяктаганмын. 1979-1983-жылдары    Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогикалык институнда окуганмын.

Эмгек  жолумду Самаркандек айылындагы  А.Осмонов  атындагы  сегиз  жылдык  мектебинде  орус  тили жана  адабияты  мугалими  болуп  баштаганмын. 1983-1984-жылдары Баткен  райондук  комсомол  комитетинде  сектор  башчы  болуп  иштегенмин. 1984-1986-жылдары советтик  армиясында  кызмат өтөдүм. 1986-1992 жылдары А.Осмонов, М.Салихов  атындагы  орто мектептеринде    мугалим, директордун орун  басары болуп иштегенмин.

1993-1997-жылдары Самаркандек сельпосунда эмгектендим.1997-жылдан   2010-жылга  чейин  Топ-Терек  дыйкан  чарбасынын  мүчөсү  болгонмун.

2010-жылы Баткен районунун  мамлекеттик  администрациясында жетектөөчү  адис болуп  иштедим. 2011-жылы  Самаркандек айылындагы Мурат Салихов  атындагы орто  мектебине  директор  болуп  дайындалдым. 2012-жылы  Самаркандек  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  болуп  шайланганмын.  2014-2019-жылдары  Баткен  районунун  мамлекеттик администрациясынын   башчысы-аким  болуп  иштедим. 2019-жылдын август  айынан  2020-жылдын  апрель  айына  чейин  КР Өкмөтүнүн Баткен  облусундагы  ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн  биринчи  орун  басары  кызматында  иштегенмин.

2020-жылы  Баткен  райондор  аралык эмгек  жана социалдык өнүктүрүү  башкармалыгынын  башчысы болуп  эмгектендим. Бүгүнкү  күндө  “Айыл  аймактарын  өнүктүрүү”  коомдук  бирикменин  жетекчисимин.

Үй-бүлөлүүмүн, 4 балам, 5 неберем бар.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)