Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кеңешинин  депутаттыгына  талапкер  Салихов  Кеңеш  Каримовичтин  шайлоо  алдындагы программасы.

Мен, Салихов  Кенеш  Каримович, Баткен  районунун  Самаркандек айылынын  тургуну, кесибим  боюнча  орус  тили  жана  адабияты  мугалими. Мектепте  мугалим, завуч, директор, айыл  өкмөт башчысы, райондун  акими, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн  биринчи  орун  басары, райондор  аралык эмгек жана социалдык  өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы  болуп иштеп  келгенмин. Депутаттыка талапкерлигимди  койгонумдун  себеби: мамлекетибизге, элибизге  кызмат  кылып, элибиздин  жашоосуну  жакшыртууда , өлкөбүздүн  өнүгүшүнө  салым  кошоюн  деген  максатым  бар. Өзүмдүн  программамда  төмөнкү  маселелерге  көңүл  бурам:

1.ЖК  депутаты – бул  элдин  мыйзам  чугаруучу  өкүлү. Элдин  жашоо  шартыны  жакшыртуу  жана  өнүгүүгө  жол  ача  турган  мыйзамдарды  жазуу,  кабыл  алуу  менен  өзүнүн   шайлоочуларынын  укугун  мыйзамдуу  жолдор  менен  коргоо  керек. Баткен  облусуна  өзгөчө  статус  берилген  мыйзамга  кошумча  женилдиктерди  киргизүү  боюнча  мыйзамдарды  иштеп  чыгуунун үстүндө иш  алып  барам.   

2.Чегара  маселесине  өзгөчө  көңүл  буруш  керек. Чегара  чечилмеинче элдин  жашоосунда  кыйынчылык  боло берет, чекара  эки  тараптуу  сүйлөөшүлөр менен  гана  чечилет, жер  алмашууга  барыш  керек. Чегара  маселелери  дайыма  менин  көзөмөлүмдө  болот  жана  жакындан  жардам  берүүгө мен  дайыма  даярмын.

3.Чегарада  жашаган   элдерди  кармап  калуу  үчүн   социалдык   жактан  колдоо  көрсөтүү  керек, салыктардан, электроэнергиянын  төлөмдөрүнөн   женилдиктерди, пайызсыз насыяларды бериш  керек, ушул  боюнча  тиешелүү  мыйзамдарды  кабыл  алуу  менен  бирге  алардын  аткарылышын  көзөмөлгө  алам.  Бүгүнкү    күндө  миграция  өтө  күчөгөн,  миграцияны  азайтуу  үчүн   жумуш  орундары  менен  камсыздоо зарыл. Пайызы  төмөн  насыяларды  берип, Баткен  облусуна  келген  инвесторлорго  салык  жана  башка  женилдиктерди  бериш керек. Инвесторлор  жана  донорлор  менен тыгыз  иш  алып  барам.

4.Өтө  дагы  бир  чоң  маселе  бул  суугат  жана  таза суунун  жетишсиздиги. Козу Баглан, Ак Суу, Кожешкен  дарыяларынан  инвесторлор, донорлор  менен   биргеликте  элибизди  үзгүлтүксүз  суу  менен  камсыз  кылууда көмөк  көрсөтөм.

5.Билим  жана  маданиятка  жакшы  көнүл  буруш  керек, балдарыбызга билим  алуу  үчүн  жакшы  шарттар  түзүлүш  керек, жаңы заманбап  мектептерди, бала бакчаларды  жана  маданият  үйлөрүнү мамлекет  куруш керек.  Жакшы  билим  берүү  жана  айылдарда  элдин   маданиятыны  көтөрүү  үчүн  мугалимдердин  жана  маданият  кызматкерлердин айлык  акыларын, жашоо  шарттарын  жакшыртууда  иш  жүргүзөм.

6.Ден-соолук   жана  спорт   маселерине  дагы  мамлекетибиз  көңүл  буруш  керек.  Айылдарыбызда  дарыгерлер   жетишсиз,  жаш  дарыгерге  шарт  түзүү  менен  бирге  айлык  акысын  жакшы  төлөп  бериш  керек,   болбосо  5-10 жылда  айылдарда  дарыгер  таппай  калабыз, жаш  адистер  баары  шаарларга  кетип  калат. Элдин  ден-соолугун  чындоо  үчүн  айыл  жерлерде  спортту  өнүктүрүү  зарыл,  спортзалдарды, спортаянтчаларды  курууу  менен  бирге  спортсекцияларды  көбөйтүш  керек.

Негизги  ушул  маселердин  чечилишине  мен  өзүмдүн  салымымды кошом  деген  ойдомун, керектүү  мыйзамдарды  кабыл  алууда, инвесторлорду, донорлор  тартууда  бардык  күчүмдү  жумшаймын. Элиме, жериме  чын  дилимден  кызмат  кылууга  даярмын.

Штабдын дареги: Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү

тел.: (0770) 040-008

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)