Акматов Айданбек Акматович

              Мен, Акматов Айданбек Акматович, 1967-жылы 16-сентябрда азыркы Кадамжай районундагы Чаувай     айыл өкмөтүнүн аймагында туулганмын. Атам Ташкенбаев Акмат өмүр бою Чаувай айылындагы тоо-кен комбинатында жумушчу, шахтада кенчи болуп иштеди. Апам Ташкенбаева Алима колхоз талааларында тамеки өстүрүп, пилла куртун багып эмгектенди.

           Биз сегиз бир тууганбыз. Бир туугандарым баары үй-бүлөлүү.

1974-жылы Чаувай айылындагы орто мектепке биринчи класска барып, ушул эле мектепти 1984-жылы аяктадым. 1984-жылы Оштогу Соода техникумунун студенти болдум. Студент кезимде, 1985-жылы Советтик армиянын катарына чакырылдым. 1987-жылы 2 жылдык аскердик кызмат мөөнөтүм аяктоосуна байланыштуу Советтик армиянын катарынан улук сержат аскердик наам менен бошотулуп, мекениме кайтып келдим.

      1992-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетинин студенти болуп, бул окуу жайды 1999-жылы аяктадым. Студент кезимден кыргыз тили жана адабияты боюнча мектепте сабак бере баштадым. Андан кийин журналисттика тарапка бурулуп, 1994-жылы “Кыргыз руху” гезитинин кабарчысы болуп иштей баштадым. “Азаттык” радиосунда корреспондент болуп 2001-жылы жумушка кириштим. 2010-жылы радионун редактору кызматына дайындалып, 2016-жылга чейин эмгектендим. 2016-жылы март айында бир жылдык контракт менен “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесинде эмгектендим. 2017-жылы март айында контракт мөөнөтү аяктап, Кыргызстанга кайтып келдим.

           2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер катары катышып, шайлоодо жеңишке жетиштик. Бирок шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, мандат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадык.

      Үй-бүлөм бар. Жубайым Таабалдыева Бермет. Экөөбүздүн эки кыз, бир уулубуз бар.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)