Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча талапкер

Айданбек Акматовдун шайлоо программасы

    Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу.

Республика аймагындагы, анын ичинде Кадамжай шайлоо округундагы кен байлыктардын экология талаптарын сактоо менен элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына иштетилишине жетишүү.

Мамлекетте энергетикалык кризистин алдын алуу, Камбар-Ата-1 ГЭСин,  Кадамжайдагы дарыяларга чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана ага жетишүү.

Кызыл-Кыя шаарын сугат жана ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого аракеттенүү.

Кадамжай аймактарында багбанчылык бир топ өнүккөн. Алма, кокон гилас, шабдаалы, алмурут, курма ж.б. өсүмдүктөрдүн мөмөлөрүнөн шире жасоо, бул багытта Кызыл-Кыя шаарынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу максатка ылайыктуу.

Кадамжай шайлоо округуна кирген айылдарда, Кызыл-Кыя, Айдаркен шаарларынын ичинде жолдор оңдолууга муктаж. Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет аркылуу жолдорду оңдоого салым кошуу.

Кадамжай шайлоо округунда, ал эмес жалпы республика аймагындагы мектептер, ооруканалар мамлекеттин көңүл буруусуна муктаж. Мектептерде окутуунун сапатын арттыруу, мугалимдердин айлык маяналарын мүмкүн болушунча көтөрүү менин артыкчылык берген максатым.

Ооруканаларда жарандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармек менен камсыздоо, дарыгер, медайымдардын айлык маяналарын көбөйтүү көйгөйлүү маселелерден.

Кыргыз Республикасында  көйгөй маселелер арбын. Алардын баарын экономикалык өсүштү камсыздоо аркылуу гана чечүү мүмкүн.Ошондуктан республикалык масштабда өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоочу мыйзамдардын кабыл алынышына, ишкерлер, инвесторлор үчүн шарт түзүү, алардын менчиктерин кол тийгистигин кепилдөө багытында     аракеттер жасалат.

 Кыргыз Республикасы көз карандысыз сот бийлигине муктаж. Көз карандысыз сот бийлигин камсыздоо укуктук мамлекеттин түптөлүшүнөсалым кошуу болуп саналат. Ошондуктан бул багыттагы мыйзамдарды жакшыртуу, өркүндөтүү көңүл борборумда болот.

тел.: (0559) 88-29-00

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)