Программа кандидата на должность депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики:

Дараметибизди топтоп, өлкө турмушун оңдоого белсенели.

"Түгөнөөр кезде түтөгөн кыргыз" дегендей болгон дараметибизди топтоп, өлкө турмушун оңдоого белсенели. Он жылдай убакыттан бери жеке ишкерлик менен алектендим. Өзүмдүн оюмдагы көп иштерге жетиштим. Өзүмдүн күчүмдү, эмгегимди эми элиме жумшагым келди.

Заманбап сапаттуу билим берүү.

Сапаттуу билим гана өлкөнүн ар бир жаранына өз алдынча турмуш кечирип, өзү, коом жана мамлекет үчүн жоопкерчиликти мойнуна алышына мүмкүнчүлүк берет.

  • Педагогдорду ар тараптуу колдоого алуу боюнча жигердүү иштерди улантуу;
  • Мугалимдер менен окуучулардын жаңы компьютерлер, электрондук китептер жана окуу китептери, усулдук колдонмолор менен камсыздоо;
  • Атаандаштыкка туруштук бере алчу кесиптик билим берүү системасын түзүү;

Жаңы саламаттык сактоо тутуму жана улуттун ден-соолугу.

“Дени сак улут, күчтүү мамлекет”

  • Сапаттуу медициналык ооруканаларды куруу;
  • Дарыгерлердин жана кенже медициналык кызматкерлердин айлык-акысын жогорулатып, бир кездеги кадыр-баркын кайтаруу.

Экономика багыты боюнча.

  • Айыл жергесинде айыл-чарба продукцияларын иштетүүчү чакан ишканаларды, цехтерди салуу;
  • Жеңил өнөр-жай тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар бир айылга жок эле дегенде бирден кичи тигүүчү цехтерин куруу;

 "Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат " деген жүрөк титиреткен накыл сөз бар. Мекендин өнүгүүсү, элдин биримдиги,  тынчтыгы үчүн биздин өмүр кереке жарап берсе ал чоң бакыт эмеспи.

Андыктан элге мыкты, сапаттуу эмгек арноо үчүн жарышалы!

Мен бардык мекендештеримди, Мекенибиздин келечеги кымбат болгондордун бардыгы биригип мени менен чогуу болууга чакырам!

ШТАБДЫН ДАРЕГИ: Кадамжай шаары, А.Орозбеков көчөсү, №34.

тел.: 0777 444490.

Электрондук почта: n.talipov83@gmail.com

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)