ПРОГРАММА

 

  1. Чакан ишкердүүлүктү колдоо
  2. Таза суу менен камсыздоо
  3. Муниципиалдык менчиктин объекттерин ижарага алуу
  4. Салык саясаты
  5. Коомдук коопсуздук
  6. Маданият
  7. Туризм
  8. Балдар аянтчасы
  9. Сугат системасын жакшыртуу
  10. Инфраструктураны жакшыртуу

 

  • Чакан ишкердүүлүк райондун өнүгүүсүнүн ишенимдүү экономикалык таянычы жана базасы боло алат. Ошондой эле жергиликтүү казынаны толтурууда, жаңы жумуш орундарын түзүүдө, экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүдө олуттуу роль ойнойт.

 

  • Райондун ар бир айылын таза суу менен камсыздоонун зарылдыгы күч. Жергиликтүү бийлик суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча жакшы жумуштарды алып барды. Бул иштер токтобой уланышы зарыл. Ал үчүн суу түтүктөрдү курууну жана алмаштыруу үчүн ички жана тышкы резервдерди издөө керек. Үзгүлтүксүз суу берүү менен бирге, ичүүчү суунун санитардык-эпидемиологиялык нормалары талапка жооп беришин көзөмөлдөймүн

 

  • Жергиликтүү бийлик органдарынан муниципалдык менчик объекттерин ижарага берүүнүн жол-жобосун жакшыртуу, ар бир объектинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана объекттини, жерди максаттуу пайдалануу боюнча потенциалдуу ижарачылар менен тыгыз иш алып барууну көздөймүн

 

  • Аксы аймагы Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жана бизнес борборлорунун бирине айланышы керек, өндүрүш объекттерин, соода аянтчаларын ачуу үчүн кошумча капиталды жана ички инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүнүн келечектүү өсүшү үчүн, күч-аракет жумшоо зарыл деп эсептеймин. Ишкерлер үчүн жагымдуулугуна жараша айыл чарба жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салыкты эсептөөдө объективдүү иштеп чыгуу жана зоналык коэффициенттерди белгилөө боюнча иш алып барууга аракет кыламын

 

 

  • Ар бир жаран өзүнүн корголушуна, коопсуздугуна ишениши керек. Кербен шаарынын негизги жолдоруна, аянттарга, сейил бактарга, эл көп чогулган жерлерге видеобайкоолорду орнотууну сунуштаймын

 

  • Маданиятка көңүл буруу мезгил талабы. Мектеп окуучуларын китеп окууга, маданият тармагына кызыктыруу үчүн, ар кандай сынактарды, иш-чараларды уюштуруп турууну көздөймүн.  Ведомстволук уюмдар тарабынан кызмат көрсөтүү аркылуу театралдык жана музыкалык искусствону колдоо артыкчылыктуу милдеттеримдин бири болуп эсептелет.

 

  • Аксы районунун туристтик потенциялы жогору. Ошондуктан жеке секторду, мейманкана комплексттерин, коомдук тамактануучу жайларын, ташуучулардын, эс алуучу үйлөрдүн абалын жана ички-тышкы туристтер үчүн ыңгайлуу аймактын деталдуу картасын түзүү аркылуу туризмди өнүктүрүүгө кызыкдармын

 

  • Аксы районунда 1990-жылдардын деңгээлинде ачык эле кароосуз калган балдар аянтчалары бар. Райондун бардык айыл аймактарында балдар аянтчаларын курууга жана капиталдык ондоого дем берүү чараларын көрөмүн

 

  • Сугат системасы бүтүндөй айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшүнө жана жаңы сугат жерлердин өздөштүрүлүшүнө өбөлгө түзөт. Райондун ирригациялык системаларын жаңылоо жана жакшыртуу маселелерин этап-этабы менен чечүү жана Аксы районунун бардык аймагындагы ирригациялык арыктарды жаңылоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөмүн

 

  • Инфраструктураны жакшыртуу: Жолдорду, тротуарларды оңдоо, аларды куруу боюнча чечимдерди кабыл алууга салым кошомун.Унаа жолдору экономиканын кан айлануу системасы болуп саналат, эгерде облустун бардык калктуу пункттарын камтыган жол тармагы болсо, калктын чарбалык активдүүлүгү өсөт, пайдалуу кендер иштетилип, аймак туристтер үчүн ыңгайлуу болушуна шарт жаратууга аракеттенемин