Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII чакырылышына   

33 бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Капаров Чынгыз

Капаровичтин шайлоо алдындагы программасы

 

Мамлекеттин өнүгүүсү негизинен социалдык-экономикалык тармактын өнүгүүсүнөн көз каранды . Себеби дени сак балдар төрөлсө, дени сак акылдуу билимдуу муун тарбияланып, күчтүү мамлекет түзүлөт. Билимдүү балдарды өстүрүү үчүн күчтүү мугалимди даярдап, жакшы шарт түзүп бериш керек.

Агай эжелердин жашоосу жакшы болсо, ишке болгон кызыгуусу күчөп, күчтүү, билимдүү балдарды тарбиялаганга болгон күчүн жумшайт, балдарды жакшы окутууга атаандаштык күчөйт.

Социалдык секторлордун баары бири бирине байланыштуу. Мисалы, дени сак бала төрөлүш үчүн ден сак ата-эне болуш керек, ал үчүн албетте медицина тармагына көбүрөөк көнүл буруш керек.

Элдин жашоо турмушунун жакшырышы мамлекеттин өнүгүү темпинин көрсөткүчү болуп эсептелет.

Биздин мамлекеттин жайгашкан жери өзүбүздүн улуттук салт- санаага урп-адатка туура келет, биздин мамлекет агрардык мамлекет. Элибиздин 74%ы айыл чарбасы менен алектенип өздөрүнөн күнүмдүк турмуш тиричиликтерин өткөрүшөт. Ошондуктан биз көбүнчө айыл, суу чарба багытына көнүл бурушубуз керек, эгерде биз жерди, сууну, жайытты, мал жандыкты туура өстүрүп пайдалансак 40% өндүрүлгөн азык тулукту өзүбүзгө калтырып, 60% ын экспорттосок болот, ал үчүн эн биринчи кадр саясатында туура иш жургүзүү зарыл. Бул максатты ишке ашыруу үчүн ММКнын стабилдуу планы болууга тийиш, кадрлады окутуу кайра даярдоо ж.б. Бардык тепкичтерден өткөн гана адистерди, анын иштерине терен анализ жүргүзүп, иш планын угуп талдап, мамлекеттик же муницпиалдык кызматта кеминде 10 жылдык эмгек стажы бар кесипкөй патриот кадрларды сунуш кылыш керек.

Жергиликтүү мамлекеттик өз алдынча башкаруу органдарына ошол региондо кадыр-баркы бар, эл сыйлаган интеллектуалдык мүмкүнчүлүгү жогору 40-50 жаштан ашкан кесипкой адистерди дайындоо бүгүнкү күндүн талабы. Учурда барыбыз көрүп атабыз иш билгилиги жок, сыйга ээ эмес, жетеленме, экономиканы, айыл чарбасын түшүнбөгөн, акча үчүн элин, жерин тууган уругун сатканга даяр кадрлар иштеп жатышат.

Кадрларды регионалдык кызыкчылыктарды эске алып, белгүлүү убактарда ротациалоо иштерин тынымсыз жүргүзүүнү колго алуу зарыл. Бул максат ишке ашсажадрлардын жоопкерчиликтери жогорулайт жана коррупциялык иштерге мүмкүнчүлүктөрү аз болот. Башка элден, жерден тайманып коркушат.

Өзүнүн ишсиздигин, таза эместигин, компетентсиздигин көрсөтүп бекилген тармакты өнүктүрүп өстүрбөгөн, кадр өстүрүп даярдабаган, экономикалык социалдык, маданий жактан өсүп-өнүктүрбөгөн жетекчилерди кайра жогорку кызматтарга коюуга чектөө коюу керек же «люстрация» мыйзамына киргизүү керек.

Баардык региондордон кадрларды бирдей дайардап, ынтызаар жаш кадрларды борбордук мекеме-ишканаларга (министрлик, ведомстволор) алып келип тарбиялап, тажрыйба алгандан кийин текшерүүдөн өткөрүп кайра келген региондоруна кызматка жөнөтүш керек.

Мамлекеттин өзөгүн кыргыз улуту түзөт, ошондуктан балдардын төрүлүшүнө катуу көнүл буруп,  баардык жакшы шарттарды көркпөй- үркпөй түзүп, ушул маселенин үстүнөн туура талдоо жүргүзүп иш алып баруу азыркы убакытка келип такалды. Балдардын төрөлүшү боюнча 1990 жылга чейинки статистикалык маалыматка салыштырып жакшы ойлонуп чон план-программа иштеп чыгуу керек.

Айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча ар бир райондун жер шартына жараша эгиндерди эгип, мал жандыкты өстүрүү керек. Айыл суу чарба министрлиги ушуларга  шарт  түзүп  эгүүгө   өстүрүгө, сатууга  жардам  бериши   керек, министрликтин борбордук аппаратына азыркыдай бири бирин кайталаган көп штаттын кетеги жок алардын баары айыл өкүмөттө, райондо болушу керек себеби дыйкандар , малчылар менен тыгыз түз иштешиши керек. Элдин жашоо турмушу жергиликтүү бийликтерге түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан жергилитүү бийликке жакшы көнүл буруш керек.

Ар бир облуста СПТУларды уюштуруп сваршик, каменшик, столяр, мебелшик, сантехник жана башка адистерди коп даярдап өзүбүзгө иштөөгө шарт түзүшүбүз керек.

Дары дармектердин сатылышын, лабораторияларды, тамак-аш коопсуздугун толук мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керек.

Кыргыздардын жашоосунда эн маанилүү роль ойногон мал аман болуш үчүн ветеринария тармагына көнүл буруш керек, себеби 60% оору адамдарга малдан жана малдан алынган азык түлүктөрдөн жугат. Медицина адамды дарыласа, ветеринария адамзатын дарылайт. Эгерде малдар арасында жугуштуу ыландар чыкса биздин экономикага, импорт-экспортко абдан чон зыяны тиет. Малдан адамдарга жуккан оорулар жылдан жылга көбөйүүдө.

Өлкөдөгү коррупциялык бөгөт коюу: мыйзамсыз баюуларды алдын алуу боюнча биринчи кезекте атайын кызматтардын, күч структураларынын, бажы , финполиция, салык, чек ара, архитектура, Минтранс, эко инспекция, тоо-кен , суу чарбачылыгы, тендерге катышкан бардык фирмаларды, вода канал жана башка «Майлуу Суттуу» жерде иштеген мекемелердин кызматкерлерин кирешелерин тактап, мүлктөрүн, салык декларациясын текшерип, мыйзамсыз баюуларын атайын комиссияда текшерип баа бериш керек. Комиссия тарабынан мыйзамсыз баюулары аныкталса, алардын мүлкүн мамлекетке алып, чон айып салуу керек.

Матраимов, Бабановко окшогон жүздөгөн көпөстөрдү жана алардын туугандарын   текшерип,      өлкөнүн   карызын   төлөсө   болот.   Уурулардан өндүрүлгөн акчанын кайда кантип жумшалганы боюнча элге толук маалымат бериш керек.

Республикадагы бажы, чек ара кызматындагы, салыктагы аткезчиликти токтотсок, бюджетке чон киреше түшөт. М: ар күнү коншу өлкөлөрдөн сапаты начар мөнөтү өткөн арзан баада азык түлүктөр өкөрүлөт жана аткезчилик жол мене кирип чыгат, жэ товарларды өз наркынан төмөндөтүп жазып салыкты азайтып тогу фактылары бар.

Өзүбүздүн өндүрүштүк ишканаларындагы кичи жана орто бизтеринин иш арекетиндеги салык төлөдөгү жеминде 45%тин түзгөн жоп кездешүүчү жаап жашыруу «теневая экономика» ачыка чыгаруу зарыл. Бул иштер ишкет ашса Республикалык, жергиликтүү бюджеттерге көптөгөн каражаттар түшөт. Ал үчүн таза, жүрөгү менен элим жерим деген кудайдан коркон эр азаматтарды тийиштүү кызматтарга дайындаш керек.

Мамлекетке катуу тартип киргизүү зарыл.Укутук ченемдик актыларыбызга өзгөртүү киргизип, ууруларга, мыйзамсыз байыгандарга катуу жазаларды колдонуп аларды камабай байлыктарын тактап элге көрсөтүп 70%тин мамлекетке алып туура пайдаланып элге отчетун берип казынаны толтуруп айлык майана, пенсия, пособияны көтөрүш керек.

Ар бир өндүрүлгөн акча туура элдин кызыкчылыгына иштеш керек. Ар бир жаранды жана физикалык, юридикалык жактарды мыйзам менен жашоого, аны сыйлоого жана аткарууга жеткиришибиз керек.

2010-жылдан берки бардык тендерге катышкан фирмаларды анализдеп мектеп, стадион, суу чыгарган, жол салган жана башка мамлекеттик обьектилерди кургандарды толук текшерип баа бериш керек бул мезгилде бааларды 5-10 эсе кымбаттаткан фактылар коп.

Региондорду   өнүктүрүүдө   ар   бир   региондун   жер   шартына   жараша, географиялык жайгашысун эске алып узак мөнөттөгү программаларды иштеп чыгып, ал жерлерге кичи завод фабрикаларды куруп иш орундарды түзүп элдин миграция маселесин чечсе болот ага толук шарттар бар.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)