Кылжыров Эсенбек Токонович

Өмүр баян

Мен Кылжыров Эсенбек Токонович 01.09.1982-жылы Нарын облусунун, Нарын районуна караштуу, Эмгекчил колхозуида туулгам. 1989-жылы 01-сентябрында Эмгекчил орто мсктебине 1-класска кирип, мектепти  1999-жылы аяктагам. Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин "Тарых" адистике тапшырып, 2004-жылы Тарых жана кошумча «Мамлекеттик жана мунипипалдык башкаруу» адистигинин окуутучу квалификапиясына ээ болдум.

2005-жылы өзүмдүн эмгек ишмердигимди Нарын облусунун, Нарын районунун Эмгекчил айылындагы Т. Байбураев атындагы орто мектебине тарых мугалими болуп иштөөдөн баштадым.

2006-жылы август айында мектептен өз ыктыярым менен чыгып, ушул эле жылы Эмгекчил айыл өкмөтүнө «Аскердик учет жүргүзүүчү» болуп дайындалдым. Ал жакта эки жыл иштеп. 2008-жылы Нарын райондук кенешинин 2-чакырылыштагы депутаты болуп шайландык.

2013-2016-жылдар аралыгында эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп иштедим.

2014-жылдын 22-октябрында №01-24/103 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтөө өз алдыича башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин "Ардак грамотасын" алдым,

2014-жылдын 29.10. №187 буйругу мелен Ыарын райондук мамлекеттик администрациясынын жана 2016-жылы дагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталарып алдым.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)