Шайлоо алдындагы программа!

Мен Кылжыров Эсенбек Токонович. Нарын шайлоо аймагы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары, төмөндөгү программамды сунуштайм.

Мен Нарын райондук Кеңештин мурдагы депутаты, Эмгекчил айыл өкмөтүн 4 жыл башкарган адам катары, бул аймакта кандай көйгөйлөр бар экендигин жакындан билем. Мен депутат болуп шайланып келсем эн, алгачкы чечилчү маселер.

  1. Нарын бийик тоолуу аймак болгондуктан эн, биринчи кезекте жашоочулардын социалдык колдоого алуу. Башкача айтканда желек пул маселесин карап чыгуу.
  2. Нарын, Ат-Башы райондорундагы социалдык обьектилердин (мектеп, бала-бакча, оорукана) көпчүлүгүнүн эскилиги жеткен. Ондоп-түзөөгө мүмкүн болбой калгандарынын ордуна жаны имараттарды салуу керек. Ар түрдүү эл аралык жана жеке демөөрчүлөр менен долбоорлорду ишке ашыруу.
  3. Бийик тоолуу аймакта иштеген мугалим, дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу.
  4. Нарын, Ат-башы өрөөндөрүнө электр энергиясына болгон баа саясатын өзүнчө кароо керек. Айрыкча Ат-Башы району боюнча.
  5. Нарын мал киндиктүү аймак болгондуктан, мал-чарбачылыгы менен алектенген жарандарга шарт түзүү. Асыл тукум өндүргөн мал фермаларды өнүктүрүү. Аларга ылайыктуу шарт менен насыя берүүнүн жолдорун кароо.
  6. Жайыт маселеси дагы өзүнчө кароого муктаж. Нарын району менен Кочкор районунун ортосундагы чырлуу жерлерди аныктоо. Эки тараптын тен, малчыларына ынгайлуу шарт түзүү керек.
  7. Кыш мезгилинде Нарын, Ат-Башы районун көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн "Турук" көмүр кенинин ишин жөнгө салуу.
  8. Нарын районунун аймагындагы кен байлыктарды (Солтон Сары, Кум Бел, Жетим-Тоо) иштетүүнү жөнгө салуу. Жергиликтүү тургундар менен инвесторлордун ортосундагы маселелерди эки тарапка тек ынгайлуу шартта чечүү.
  9. Аймакка инвесторлорду тартып, өнөр-жай тармагын өнүктүрүү менен жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу.
  10. Нарын районунда тоо туризмин өнүктүрүү. Туристтерге ар турдуу шарттарды түзүү.
  11.  
  12. (Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)