Айтакунов Бактыбек Кубатович

Мен Айтакунов Батыбек Кубатович 1983-жылы 4-июнда Талас областынын Талас шаарында катардагы жумушчулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1990-жылы Талас шаарынын №6 орто мектебине биринчи класска кирип 2000-жылы Талас шаарынын №4 орто мектебинен аяктадым. Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Мамлекеттик Университенинин Юридикалык факультетине тапшырып, ал окуу жайды 2005-жылы ийгиликтүү аяктап Юрист кесибинее ээ болдум. Окуу жайды аяктагандан кийин Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жашап калдым. Ошол жерде жаштарга ар кандай жардамдарды көрсөтүү максатында аймактагы мекенчил жигиттер менен биргеликте "Келечек KG" жаштар кыймылын түзгөндөрдүн катарында болдум. 2010-жылы (апрель-май) Жети-Өгуз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп эмгек жолумду баштадым. Ошол эле жылы май айынан баштап Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалып, ал жумушта 2012-жылдын июнь айына чейин иштедим. 2013-жылы июль айынан баштап Ысык-Кел фондун башкаруу боюнча Дирекциясынын директорунун милдети кызматын аткардым. 2012-2016-жылдары Жети-Огүз райондук футбол федерациясынын Президенти болуп эмгектендик. 2016-2017-жылдары Жети-Огүз райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы болуп эмгектендим. Андан кийин азыркы күнгө чейин жеке иштер менен алек.