1. «Айыл жергесинде жакырчылыкты жана жумушсуздукту жоюу» долбоору
• Ар кандай кесиптерге окутуучу курстарды ачуу: тигүүчү, курулуш кесиптери, кунөсканаларды (теплица) иштетүү, балык остүрүү чарбаларын, жана башкалар.
• Айыл чарба продукцияларын сактоо кампаларын куруу жана аларды тазалап-сорттоочу жабдуулар менен камсыздоо (соода-логистикалык борборлору) долбоорун ишке ашыруу аракеттери;
• «Бир үй-бүлөөгө бир күнөскана» долбоорун ишке ашыруу аракеттери;
2. «Айыл жергесин өнүктүрүү» долбоору
• Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун фермерлерлик чарбаларын жана дыйкандарын айыл чарба техникалары жана жабдуулары менен камсыз кылууга аракет керүү;
• Насыя жана финансалык ресурстарга жетиштикти камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүү негизинде « Ысык-Көл облусунун кепилдик фондун» уюштуруу долбоорун ишке ашыруу;
• Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун дыйкандар жана айыл-чарба өндүрүчүлөрүнүн ассоциациясын түзүү.
3. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор:
• Калктын саламаттыгын сактоо боюнча долбоорлорду;
• Таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду;
• Бала-бакчаларды оңдоо жана куруу долбоорлорду;
• Спорттук имараттарын, стрит воркаут аянтчаларын куруу жана оңдоо долбоорлорун;
• Айыл ичиндеги жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо жана башка маселелерди ишке ашыруу аракеттери.
Урматтуу шайлоочулар!
Шайлоо алдындагы программамда аталган долбоорлордон тышкары
шайлоочулардан кошумча сунуштарды жана пикирлерди кабыл алууга
даярмын.