Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:
Урматтуу мекендештер, ардактуу шайлоочуларым, адам баласы торолгондон баштап эркиндикке умтулат.
Жашоонун негизги булагы – эркиндик жана ден соолук. Адам баласынын жашоосунда эркиндик гана орун албастан, намысын, ариетин бек тутуу менен оз укуктарын эч кимге тебелетпеши керек.
Олкобуздун ар бир жараны ата-бабабыз мурас кылып кеткен кыргыз жерин коз карегиндей сакташы зарыл. Бир эле жерин эмес кыргыз тилин о.э. кылымдардан келе жаткан урп-адат, салттарын айрыкча улуу муунду урматтоо салттын сактай албаган улут акыры жок болору талашсыз.
Ааламдашуу доорунда мамлекетти сактап калабыз десек кыргыз тилин сактап калышыбыз абзел. Ошону менен бирге кыргыз элинин эркин, тайманбас, эр журок чындыкты туу туту менен бетке айткан, айкол, боорукер, адамкерчиликтуу мунозун басандатууга жол бербешибиз керек. Жогоруда айтылган кыргыздын мунозу, кыргыз менен туболукко бирге болушу абзел.
Эркиндик учун ата-бабаларыбыз кан тогуп, кылыч мизинен жалтанбай бизге бейиштей болгон жерди, багынбас, сатылбас мунозду калтырышты, андыктан алдыдагы шайлоодо мына ушул мунозубуздон жазбашыбыз керек.
Ошондуктан урматтуу менин шайлоочуларым Кыргызстандын желеги кылымдарга желбиресин десек анда добушунду сатпа!
Балдардын келечегин ойлосон анда сатылба!
Олкобуздо тынчтык болсун, эл арасында ынтымак болсун!
Терен урматым менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №8 шайлоо округунан талапкер,
Жылдызкан Джолдошова.