ЖУМАЕВ БАЙЫШ ЭРКЕБАЕВИЧ

Өзгөн районунун Куршаб айылында журналистин үй-бүлөсүндө туулгамын.

       1992-жылы Куршаб айылындагы Ы.Бектемиров атындагы мектеп босогосун атап, 2003-жылы аяктаганмын. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик юридикалык  институтуна тапшырып, 2008-жылы юридикалык жогорку билимге ээ болгомун.

       2016-жылы Жергиликтүү кенештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп депутат болуп, Куршаб айылдык кенешинин VI-чакырылыштын төрагасынын орун басары болуп шайландым. 2021-жылдан 2024-жылга чейин Куршаб айылдык кенешинин төрагасы кызматын аркаладым. 2024—жылдын 17-ноябрында кайрадан жергиликтүү кенештин депутаты болуп шайланып, Куршаб айылдык кенешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасымын.