АБИТОВ ЖЕНИШБЕК ЭСЕНАЛИЕВИЧ
Мен Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында туулганмын. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин, 2009-жылы ИИМдин Э. Алиев атындагы академиясын аяктаганмын. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде 30 жылдан ашуун кызмат өтөдүм. Ош ОИИБдин жана Жалал-Абад ОИИБдин, бир нече РИИБдин жетекчиси жана КРнын ИИМдин ички иликтөөлөр башкармалыгынын жетекчиси болуп иштедим. Учурда ардактуу эс алуудамын.