Туруктуу экономикалык өсүш үчүн шарт түзүүчү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, салык саясатын оптималдаштырууга багытталган мыйзамдарды колдоо. Ар бир жаранга жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү, ооруканаларды жана поликлиникаларды дары-дармек жана заманбап жабдуулар менен камсыз кылууну камсыздаган мыйзамдарды кабыл алуу. Жаштар жана балалуу үй-бүлөлөр үчүн жеткиликтүү турак жай программаларын түзүү. Автожолдорду куруу жана оңдоо, таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана газдаштыруу программаларын колдоо.