ТОЛТОЕВ ЭРНИС МУКАШБЕКОВИЧтин шайлоо алдындагы ПЛАТФОРМАСЫ

№ 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча (Кара-Суу, Өзгөн райондору)

 

Мен округдун гана эмес, жалпы Кыргызстандын элинин, парламенттин өкүлү болууну көздөйм. Өлкөбүздүн алдында турган негизги көйгөйлөрдү чечүүгө жигердүү катышам. Мамлекеттик деңгээлдеги төмөнкү багыттарга артыкчылыктуу маани берем:

  • Экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө, жумуш орундарын түзүүгө, улуттук өндүрүштү экспортко багыттоого өбөлгө түзгөн мыйзамдарды иштеп чыгуу;
  • Энергетикалык коопсуздукту мыйзам аркылуу камсыздоо;
  • Коррупцияны жоюуга жана башкаруунун сапатын жогорулатууга көмөктөшүү;
  • Билим берүүнүн жана медициналык тейлөөнүн сапатын көтөрүүнү укуктук камсыздоо;
  • Регионалдык соода, транспорт жана энергетика байланыштарын кеңейтүү;
  • Климаттын өзгөрүшүнө жана миграция агымына даяр болуу;
  • Санариптик билим берүүнү жана технологияны өнүктүрүү.

 

Аймак менен борбордун ортосундагы көпүрө болуп, элдин ишенимин ишке ашырам. Кыргыз Республикасын  2030-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында айыл жергесин өнүктүрүү үчүн максатталган иштеримдин багыттары төмөнкүлөр болот.

  • Айыл чарбаны колдоого багытталган салык саясты, анын ичинде Жер салыгы;
  • Жергиликтүү бюджетти колдоого багытталган бюджет саясаты;
  • Айыл жерин өнүктүрүүгө багытталган каржы саясаты;
  • Айыл продукциясын сатууга, экспорттоого көмөк көрсөтүү;
  • Айылда билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү;
  • Медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу.

Менин демилгелерим:

  1. Кыргыз жана өзбек жаштары үчүн биргелешкен билим, спорт жана маданий долбоорлорду уюштуруу боюнча өкмөттүк программаларды каржылоо демилгесин көтөрүү;
  2. Эки элдин ортосунда чакан ишкердикти өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишкерлер ассоциациясын түзүүгө көмөктөшүү;
  3. Тил жана маданият фестивалдарын өткөрүүгө мамлекеттик колдоону мыйзам аркылуу бекемдөө;
  4. Аралаш мектептерде эки элдин тилине тең колдоо көрсөтүү боюнча билим берүү саясатына сунуш киргизүү;
  5. Чек ара айылдарында коомдук биримдик борборлорун түзүү долбоорлорунун ишке ашуусун көзөмөлдөө.

 

№ 9 ОКРУГДУН НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА МЕНИН ПЛАНЫМ

Биздин аймагыбыз  – эмгекчил элдин, дыйкан менен малчынын маңдай теринен жаралган, чоң өнүгүү потенциалы бар аймак. Бирок, буга тоскоол болгон төмөнкүдөй системалуу көйгөйлөр бар: таза суу жана ирригация системалары эскирген, айыл жолдорунун абалы начар, бала бакча жана мектептер жетишсиз, жаштардын жумушсуздугу жогору, маданий жана спорттук объекттер аз.

Менин иш багыттарым — бул маселелерди чечүү үчүн тиешелүү мыйзамдык демилгелерди көтөрүү, каржылоо булактарын ачуу жана өкмөттүн ишин көзөмөлдөө аркылуу натыйжага жетүү:

  1. Суу коопсуздугу: жаңы суу түтүктөрүн жана насостук станцияларды курууга, эскирген ирригациялык системаларды жаңылоо, арыктарды бетондоо аркылуу суунун жоготуусун 30%га кыскартууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү демилгелөө.
  2. Сапаттуу жолдор: айылдар аралык жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо үчүн атайын «Айыл жолу» фондун түзүү мыйзамын сунуштап, округдун айылдарына жыл сайын даректүү каржылоону камсыз кылуу.
  3. Билим берүү жана ден-соолук: 5 жылдын ичинде 5 жаңы мектеп жана 10 бала бакча курууну камтыган аймактык билим берүү программасын демилгелөө; ар бир айылга заманбап ФАП куруу долбоорлорун мамлекеттик каржылоо тизмесине киргизүү.
  4. Чакан ишкердик: айыл чарба кооперативдерине жана кайра иштетүүчү чакан цехтерге жеңилдетилген насыя алууга шарт түзүүчү мыйзамдарды демилгелөө. «Жаштар ишкердиги» программасы аркылуу гранттык колдоону камсыздоо.
  5. Өзгөн шаары: Өзгөндүн статусун райондук маанидеги шаарга көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдоо жана каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу.