ТАШТАНБЕКОВ АКБОКОН ДУКЕНОВИЧ

1963-жылдын 17-майында Чүй областына караштуу Кант районунун Жер-Казар айылында туулган, улуту – кыргыз, билими – жогорку. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин юридикалык факультетинин «Юрист» адистигин аяктаган.
            Эмгек жолу 1978-жылы “Алга” колхозунда малчы катары иштөө менен башталган.

1979-жылы Аламүдүн райондук жол куруу башкармасында(ДСУ) жыгач уста-бетончу, экскаватор машинистинин жардамчысы болуп иштеген.

1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Афганистан Демократиялык Республикасындагы согуштук иш-аракеттерге катышкан.
            1984-1990-жылдары “Кыргызэнергокурулуш” камбинатында экскаватор машинисти болуп иштеген.

1990-1992-жылдары “Севремстройбыт кызмат” башкармалыгында уста болуп иштеген.

1993-жылы  Афганистандагы согуштун ардагерлеринин ассоциациясында төрага болуп шайланган.

1994-жылы Кыргызстандын Экономикалык Биримдиги партиясынын саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 1999-жылы партия “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы”  кайрадан түзүлүп, ал азыркы учурга чейин Саясий кеңештин төрагасы болуп эсептелет.

Баткен облусуна кол салган уюшкан эл аралык террорчулардан Кыргыз Республикасынын эркиндигин жана аймактык бүтүндүгүн алгачкы ыктыярчылардын катарында коргогон. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 
3-февралындагы жарлыгы менен Ата-Мекенди коргоодо эл аралык террорчуларга каршы күрөшүүгө активдүү катышканы үчүн “Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы” сыйланган.

2000-2005-жылдары “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясынын” бирдиктүү республикалык шайлоо округу боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам  чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган.

2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын Экономикалык саясат жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

2021-жылдын 28-ноябрында № 30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган.

 Мамлекеттик  II   даражадагы кеңешчи. Үй-бүлөлүү,7 баланын атасы.