Урматтуу шайлоочулар!

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүмдөн тышкары, мектептерди оңдоп-түзөө жана заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу милдетин алам: жаңы парталар, интерактивдүү панелдер жана балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлөт.

Мындай өзгөрүүлөр буга чейин менин демилгем менен М. Ванахун атындагы орто мектепте, №2 Н.С. Баранов атындагы орто мектепте жана О. Лайлиев атындагы орто мектепте ишке ашырылган. Бул тажрыйбаны мен башка билим берүү мекемелерине да жайылтам.

Алгач төмөнкү билим берүү мекемелеринен баштайм:

Кант шаарынын №1 орто мектеби,

Ивановка айылындагы Ч. Айтматов атындагы мектеп,

Юрьевка айылынын орто мектеби,

Новопокровка айылынын орто мектеби,

Түнгүч микрорайонунун орто мектеби.

Алдыдагы эки жылдын ичинде муниципалдык менчикке кайтарылган бардык бала бакчаларды (бардыгы 12) капиталдык оңдоодон өткөрүп, ишке киргизем. Бул бакчалар биздин балдардын өсүп-өнүгүүсү үчүн ачылат.

Ысык-Ата району боюнча, Түнгүч микрорайонунда, Кара-Жыгач жана Рухий-Мурас турак жай массивдеринде коопсуздукту камсыздоо максатында РОВД системасына туташтырылган видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Мындан тышкары, мен өз эсебимден округдагы баардык көчөлөрдү жарыктандырууну улантам, ар бир аймак жарык жана коопсуз болушу үчүн.

Социалдык объектилерди аныктап, алардын баарын муниципалдык менчикке өткөрүү иштерин улантам — анткени алар элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек, жеке адамдардын эмес.

Дыйкандарга өзүлөрүнө тийиштүү жер үлүштөрүн мыйзамдаштырууда жардам берем.
Ошондой эле 49 жылга берилген жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүүгө көмөк көрсөтөм — бүгүнкү күндө мындай жарандардын саны болжол менен 5000 адамды түзөт.

Мен кооз убадалардын артына жашынбайм.
Ачык айтып, документтер менен көрсөтөм.

Мен, Акбокон Таштанбеков — депутаттыкка талапкермин.

Мен куру сөз менен убада кылбаймын
Бирок, бир нерсени убада кылам — чындыкты ачык айтып,
жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын коргоону улантам.

Урматтоо менен,
Акбокон Таштанбеков