Саясий партиянын программасы: Биздин партиянын программасы социалдык-демократиялык идеологиянын негизги баалуулуктарына: Адилеттүүлүккө, Эркиндикке жана Тилектештикке негизделген.

Адилеттүүлүк – бул бардык адамдар үчүн бирдей саясый укуктар жана эркиндиктер, жыргалчылыкты адамдын эмгек салымына, жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык бөлүштүрүү, татыктуу жашоого болгон укук.

Адилеттүүлүккө умтулуу элибиздин улуттук аң-сезиминде, маданият, салт, тарыхый эстелик аркылуу муундан муунга берилген баалуулуктар системасында бекем орун алган.

Социалдык адилеттүүлүктү кепилдөө – мамлекеттин түз милдети. Адилеттүүлүк – адамдын жана коомдун шайкеш өнүгүшүнүн негизги кепилдиги, адилеттүүлүк жок анык демократия жана чыныгы эркиндик болбойт.

Биз социалдык адилеттүүлүк идеясын коргойбуз, Кыргызстандын ар бир жараны үчүн адилеттүүлүктүн орношу үчүн күрөшөбүз. Адилеттүүлүк идеясы өзү жана балдары үчүн жакшы жашоого умтулуу аракетинде миллиондогон жарандарыбызды бириктире алат деп ишенебиз.

Муну менен катар эркиндик адамдын жеке жоопкерчилигинен ажырагыс. Жеке эркиндик адамдын башка адамдарды урматтоо милдети менен тыгыз байланыштуу. Эркиндик укуктук мамлекетте, сот бийлиги көз карандысыз болгондо гана толук жүзөгө ашырылат. Реалдуу укуктук кепилдиктер гана адамдын жашоосун жана ден соолугун ишенимдүү коргоону камсыздайт, абийир, сөз жана саясый тандоо эркиндигин, инсандын ар намысын жана кадыр-баркын коргоону кепилдей алат.

Мамлекетке жана коомго элдин ишенимине негизделген жана туруктуу коомдун көзөмөлү алдында турган, күчтүү аракетке жөндөмдүү жана жоопкерчиликтүү бийлик керек.

Адамдар мамлекет үчүн эмес, алардын мыйзамдуу укуктарын так сактоону камсыздоо менен, мамлекет адамдар үчүн иштеши керек. Биз социалдык багыттагы мамлекеттин өнүгүшүн камсыздаган, заманбап рыноктук экономиканы колдойбуз. Биз таза атаандаштыкты, ишкердикти жана жеке демилгени колдойбуз. Бирок биз коомдогу бир ууч олигархтардын кызыкчылыктарынын басым кылышына каршыбыз. Биз рыноктук экономиканы, бирок социалдык багыттагы рынокту колдойбуз. 

Биз жарандык коомдун жана демократиянын институттарын бекемдөөнү, өлкөнүн жаратылыш ресурстарын жарандардын тескөө мүмкүнчүлүгүн, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнү, жайлуу жашоо чөйрөсүн, өз жарандарына татыктуу жашоону камсыздаган социалдык мамлекетти колдойбуз.

 

Биз Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн!

 

 

КООМДУ СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ

МАДАНИЯТ.

Маданият – мамлекеттин келечеги курула турган пайдубал, коомдун өнүгүшүнүн маанилүү булагы. Азыркы учурда ар бир адамдын эркин чыгармачыл өнүгүүгө болгон укугу мамлекеттик саясаттын негизги максаттарынын бири болуп калышы керек.

Биздин негизги милдет жарандардын билим алууга, маданияттын жана цивилизациянын баалуулуктарына тең жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо, ар кандай социалдык топтордун ортосундагы олуттуу маданий ажырымды жоюу болуп саналат.

Биз маданият чөйрөсүн өнүктүрүүнү жана финансылык камсыздоону толук артыкчылыктуу багыт деп эсептейбиз.

 

ӨНҮГҮҮ

Биз интеллекти арзан жумуш күчү катары пайдаланууну жоюу жана интеллектуалдык өнүмдү сатууга өтүү максатында өлкөнүн университеттеринде перспективалуу тармактарда прикладдык изилдөөлөрдү толук кандуу мамлекеттик каржылоого жетишүүгө аракет кылабыз.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ

Бизди калктын сабаттуулук деңгээли дагы өтө тынчсыздандырат. Мамлекеттик тил жана улуттар аралык баарлашуу тили катары кыргыз жана орус тилдерин жана эл аралык баарлашуу тили катары англис тилин коргоо боюнча таасирдүү чаралар керек.

 

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ

Биздин партиянын артыкчылыктуу багыты – сапаттуу жана жалпыга жеткиликтүү билим берүү системасын өнүктүрүү.

Билим берүүгө инвестициялар – бул адам капиталына болгон инвестициялар.

Билим берүүгө жана университеттин илимге чыгымдарды ИДПнын 7%на чейин жогорулатуу.

 

 

АДАМДЫН ЭМГЕК КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫН КОРГОО.

 

Партиянын саясатында эң башкысы бул Адам. Ар бир жаранды ишенимдүү жана натыйжалуу социалдык коргоо ага өз күчүнө болгон ишенимди берет, эптеп күн көрүү эмес, келечек үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Социалдык камсыздандыруу, социалдык кепилдиктер системасы эптен нан таап жегенди гана ойлонбостон, адамга кесиптик жана чыгармачылык өнүгүү мүмкүнчүлүгүн берет.

 

ЭМГЕК АКЫНЫ ЖОГОРУЛАТУУ

 

Биздин максат – Эмгек кодексинде жана башка мыйзамдарда татыктуу эмгек акынын реалдуу кепилдиктерин бекемдөө. Эмгек акынын деңгээлин үч эсе көтөрүү: эмгек акынын ИДПдагы үлүшүн азыркы 25,3%дан 35%га чейин көбөйтүү.

 

 

ПЕНСИЯЛЫК СИСТЕМА

 

Биздин максат – пенсиялык системанын кыйрашына жол бербөө. Жарандардын пенсиялык топтому менен эксперимент жасоону токтотуу керек. Болбосо адамдардын мамлекеттин социалдык саясатына болгон ишеними таптакыр үзүлөт.

Биз пенсия – социалдык садага эмес жана карылыгы боюнча жөлөк пул эмес деп эсептейбиз. Бул мурда кылган эмгеги үчүн мыйзамдуу түрдө кийинкиге калтырылган эмгек акы. Анын өлчөмү пенсионерлердин татыктуу жашоо деңгээлин камсыздашы керек.

 

Улуу муунга – активдүү узун өмүр!

Көпчүлүк улгайган адамдар активдүү жашоо образын жүргүзө алышат. Өзүнүн мыйзамдуу жана адилеттүү укуктары үчүн күрөшүп, алар өлкөдө жарандык коомдун калыптанышына баа жеткис салым кошушат.

 

КАЛКТЫН АЯЛУУ КАТМАРЫН КОРГОО ҮЙ-БҮЛӨНҮ, ЭНЕНИ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО

 

Бул чакырыктар жана коркунучтар бардык мамлекеттик бийлик органдарынан, саясый партиялардан жана коомдук уюмдардан үй-бүлөгө жана балага туруктуу көңүл бурууну талап кылат.

 

Бакубат үй-бүлө – балдардын татыктуу келечеги!

Баланын төрөлүшү үй-бүлөнүн бакубатчылыгынын төмөндөшүнө алып келбеши керек!

Жаш жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо!

Бардыгы үй-бүлөнүн жана балдардын бакубаттыгы үчүн!

Социалдык жетимчиликтин алдын алуу.

Ар бир бала үй-бүлөдө жашап жана тарбияланышы керек!

 

Үй-бүлөлүк жашоо образынын беделин көтөрүү:

 

Биз үй-бүлөнүн жана балдардын кызыкчылыгында коомдун бардык жакшы күчтөрү менен максималдуу кеңири коалицияны колдойбуз!

 

МАЙЫПТУУЛУГУ БАР АДАМДАРДЫН ЖАШОО САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ

Майыптарга болгон мамиле – коомдун цивилизациялуулук көрсөткүчү. Майыптуулугу бар адамдарды басмырлоону жоюу – заманбап мамлекеттин маанилүү милдети.

  • кошумча аянтка укуктарын эске алуу менен турак жайды социалдык ижарага алууга артыкчылыктуу укук.
  • Майып баланы тарбиялаган үй-бүлөлөргө турак жайга болгон менчик түрүнөн жана жашаган региондон көз карандысыз турак-жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө 50%дык арзандатууну камсыздоо.

Биздин максат – майыптуулугу бар адамдардын коомдун жашоосуна тең укуктуу катышуусун камсыздоо, алардын жашоо кызыкчылыктарын козгогон бардык нерседе өз тагдырын өзү чечүү укугун камсыздоо.

 

ЖАШТАР САЯСАТЫ

 

Жаштар – Кыргызстандын өнүгүшүнүн башкы потенциалы. Жаштар өлкөнүн келечегин курат, анын өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө шарт түзөт.

 

САЛАМАТТЫК САКТОО

 

Рыноктук мамилелер бүтүндөй саламаттык сактоо системасын, дарыгерлик кесиптин баркын, адам жашоосун сактап калууга кызмат өтөө милдетин кыйратты.  

Партиянын максаты – саламаттык сактоону башкарууну мамлекетке кайтарып берүү жана кирешесинен, социалдык абалынан жана жашаган жеринен көз карандысыз Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн керектүү медициналык жардамдын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

 

 

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

 

Өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн негизги милдети – ресурска сыйымдуу экономикалык өсүштөн инновациялык өсүшкө өтүү. Кыргызстан өзүнүн атаандаштык артыкчылыктарын жүзөгө ашырып жана Борбор Азияда өнүгүү борборлорунун бири болуп калышы керек.

 

Жаңы экономикалык өнүгүүнүн негизги принциптери:

  • Жашыл экономиканы артыкчылыктуу өнүктүрүү.
  • Тармактарды өнүктүрүүнү натыйжалуу программалоо, өздүк ресурстарга таянуу.
  • Органикалык айыл чарбага өтүү.
  • Социалдык теңсиздикти төмөндөтүү максатында экономикалык өсүштү социалдык артыкчылыкка баш ийдирүү.
  • Өнөр жай жана социалдык инфраструктурага мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүү.
  • Инновациялык тармактардын артыкчылыгы.
  • Табигый монополияга жана мамлекеттик корпорацияларга мамлекеттик жана коомдук контроль.
  • Финансы ресурстарынын, эмгек ресурстарынын жана капиталдын мобилдүүлүгүн жогорулатуу.
  • ДСУ шарттарында дүйнөлүк рыноктордо ата мекендик бизнести мамлекеттик колдоо.

Акча саясаты инфляция менен күрөшүүгө гана эмес, өнүгүү милдеттерин чечүүгө дагы багытталышы керек. Экономиканы монетизациялоо деңгээлин жогорулатуу, акча сунуштарын кеңейтүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өнүгүү үчүн кымбат зайым каражаттарынан көз карандылыгын азайтуу керек.

Акча саясатынын негизги принциптери:

  • Стратегиялык тармактарды чет өлкөлүк атаандаштардан кем эмес шарттарда кредиттик ресурстар менен камсыздоо.
  • Кошумча нарктын үлүшү жогору болгон өндүрүш үчүн шарттарды түзүү. Дүйнөлүк рыноктордо пайдалуу сунуштаганга боло турган өндүрүмдү өндүрүү.

Финансы рынокторунда туруктуулукту колдоо мамлекеттин экономикалык саясатынын маанилүү максаты болуп калышы керек.

 

 

САЛЫК САЛУУ ЖАНА БЮДЖЕТТИК САЯСАТ

Салык жана бюджет саясатынын башкы максаты – колдо бар ресурстарды өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыгында сарамжалдуу пайдалануу.

 Салык системасы фискалдык милдетти начар аткарып жатат жана өбөлгөлөөчү, жөнгө салуучу жана социалдык функцияларды таптакыр аткарган жок.

Негизги салыктардын формалдуу жогорку деңгээлде чогултулганына карабастан, бюджет ондогон миллиард сом албай калат.

Салык алуулардын мамлекеттин экономикалык жана социалдык милдеттери менен байланышынын жоктугунан, салык коюмдарынын сызыктуулугунан, салып салынуучу базанын начар дифференциациясынан улам салык системасы социалдык теңсиздикти төмөндөтпөй, тескерисинче, аны жогорулатат. 

 

 

 

 

КЕСИПТИК КОШУУН БИРЛИКТЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮ

ЧАКАН ЖАНА ОРТО БИЗНЕС

 

Партия кесиптик кошуун кыймылдарын өнүктүрүүгө жана капиталды демократиялаштырууга олуттуу маани берет, бул процесстерди заманбап жана цивилизациялуу рыноктук мамилелерди түзүүнүн маанилүү шарты деп эсептейт.

Бүгүнкү күндө коомдо кесиптик кошуун бирликтеринин баркы өтө төмөн. Салттуу кесиптик кошуун бирликтери эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын, алардын чуулгандуу интригаларын жана жаңжалдарын натыйжалуу коргой албай жатат.

Ишкердиктин демократиялык формалары жай өнүгүүдө. Азыркы убакта рыноктук экономиканын эркиндиктерин өлкө калкынын чакан бөлүгү гана пайдаланууда. Калктын башка бөлүгү үчүн “эркин” ишкердик чынында эркин эмес. Биздин экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшү 21-22%ды түзөт. Бул биздин республика өңдүү өлкө үчүн өтө аз.

Башкы максат – эмгек келишимдерин түзүүдө мыйзамды сактоону жана эмгек чыт-чатактарынын алдын алууну камсыздаган, үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн цивилизациялуу системасын түзүү.

 

 

ӨЛКӨНҮН АЗЫК-ТҮЛҮК КООПССУЗДУГУ.

НАТЫЙЖАЛУУ АЙЫЛ ЧАРБА

 

Айыл чарбаны өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого бюджеттин 10%ан кем эмес каражатын жумшаш керек.

Биз төмөндөгүлөрдү зарыл деп эсептейбиз:

  • Кыргыз азык-түлүгүн өндүрүүнү өбөлгөлөө, учурдагы кредиттерди узартуунун жана 20 жылга чейинки мөөнөт менен жаңы субсидияланган кредиттерди берүүнүн аркасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
  • Көйгөйлүү активдер менен иштөө үчүн атайы банк сыяктуу, агрардык-өнөр жай ишканаларын финансылык жактан калыбына келтирүү механизмдерин түзүү менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо.
  • Айыл чарба көп кыйынчылыкка кабылган региондордо атайын айыл чарбаны колдоо программаларын иштеп чыгуу.
  • Керектөөчүлөргө: жашына, ден соолугунун абалына же башка себептерге байланыштуу оор жашоо кырдаалында турган адамдарга жардам берүү. Алар үчүн ата мекендик өнүмдөрдү сатып алууга шарт түзгөн, республикалык программа менен каржылануучу азык-түлүк тастыктамалары иштелип чыгышы керек.
  • Айыл чарба кооперациясын колдоо. Айыл чарба кооперативдерине айыл чарба техникаларын жана ата мекендик өндүрүштүн жабдууларын сатып алууга жеңилдетилген кредиттерди, кайра иштетүүчү ишканаларды: кошмо тоют жасоочу заводдорду, сүт заводдордун, берүү, мал союучу жайларды курууга суюсидияларды берүү.

 

РЕГИОНДУК САЯСАТ

 

Өлкөнү өнүктүрүү “жогорудан” эмес, “төмөндөн” – конкреттүү айылдан, шаардан, райондон, областтан башталат.

Биздин максат – өлкөнү бир кылка өнүктүрүүнүн негиздерин түптөө, анын бардык аймагында социалдык адилеттүүлүктү бекемдөө.

 

ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК

 

Адамдын жашоо сапаты түздөн-түз ал жашаган чөйрөнүн сапатынан көз каранды болот. Жердин, суунун жана абанын булганышы, өлкөнүн биологиялык жана токой байлыктарына варвардык мамиле кылуу, экологиялык коопсуздук ченемдерин көңүлгө албоо адамдардын ден соолугуна реалдуу коркунуч келтирет.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты маселесине жетиштүү көңүл бурулбайт. Керектөөчүлүк тобокелдиктер төмөндөбөй, өсүп жатат.

Адамдардын аң-сезиминде экологиялык баалуулуктардын олуттуу девальвациясы болду. Шаарларда жашоо маданияты өтө төмөн. Тиричилик калдыктарын утилизациялоо көйгөйү курчуду.

 

Курчап турган чөйрөнүн сапаты жашоо сапатынын маанилүү чен белгиси жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп калышы керек.

 

 

МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ИШИН ӨРКҮНДӨТҮҮ

 

 

Биздин максат – ачык жана адилеттүү коомдун талаптарына жооп берген, социалдык жоопкерчиликтүү бийликти түзүү. Бийлик мыйзам боло албайт жана жарандардын кызыкчылыгында иштеши керек!

 

Биздин максат – жер-жерлерде бийликти жарандар үчүн жеткиликтүү, каражаттарды ыгы жок чачууга жол бербеген жана карапайым адамдардын кызыкчылыктарын коргогон, ачык жана натыйжалуу кылуу.

 

 

 

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул мамлекеттик бийлик таяна турган пайдубал. Региондорду жана муниципалдык түзүмдөрдү максаттуу, туруктуу өнүктүрүү ар бир өзүнчө аймактын өзгөчөлүгүн эске алган, бирдиктүү принциптерге жана мамилелерге негизделиши керек.

 

ЖАРАНДЫК КООМ ЖАНА БИЙЛИК

 

Партия жарандык демилгелерди өнүктүрүүнү колдойт.

Партия мамлекеттик бийлик органдарынын коммерциялык эмес уюмдар менен кызматташтыгынын негизги багыттарын жараткан, республикада жарандык коомду өнүктүрүү стратегиясын мамлекеттик деңгээлде иштеп чыгууну жана кабыл алууну сунуштайт.

 

Партия пара алуучулук мыйзамдын көз карашында мамлекеттик чыккынчылыкка барабар болушу керек деп эсептейт.

 

 

СОТ БИЙЛИГИНИН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ

 

Жарандардын мыйзам алдындагы теңдиги принциптери – укуктук мамлекеттин пайдубалы. Жарандар адилеттүү, калыс соттун кепилдиктерине ээ болушу керек.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында түптөлгөн бийликти бөлүштүрүү принциби так сакталышы керек! Сот системасын өнүктүрүү коррупциянын себептерин жоюп жана соттордун реалдуу көз карандысыздыгын камсыздашы керек. Сот системасынын айкындуулугу жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу – жарандык коомду жана укуктук мамлекетти өнүктүрүүнүн зарыл шарттары!

 

УКУК ТАРТИБИ

 Партия мамлекеттин күч түзүмдөрүн бекемдөөнү, адамдардын коопсуздугун камсыздоонун жаңы технологияларын киргизүүгө шарт түзүүнү жана коомдук тартипти коргоо жана коопсуздукту камсыздоо процесстерине калкты тартууну өз милдети катары белгилейт.

Мамлекеттик бийлик элдин катышуусуна таяна алганда гана кылмыштуулукка жана терроризмге кыйратуучу сокку урулат!

 Улуу-Журт саясый партиясы – социалдык багыттагы мамлекетти, жогорку натыйжалуу рыноктук экономиканы куруу максатын көздөгөн заманбап партия.

Биз адилеттүү, эркин жана тилектеш коомду түзүү, адамдардын коопсуздугун камсыздоо, бийликти чындап эл алдында жоопкерчиликтүү кылуу максатында саясатка келдик.

Өлкөбүздүн келечеги кымбат болгон бардык адамдарды биз менен бирге барууга чакырабыз!