"РЕСПУБЛИКА" саясий партиясынын программасы

 

"РЕСПУБЛИКА" саясий партиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:

 

  • Социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо үчүн шаар тургундарынын жана шаардын жетекчилеринин аракеттерине бириктирүү
  • Шаардын өнөр жай потенциалын сактоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү
  • Билим берүү мекемелеринде калктын билим деңгээлин жана билим сапатын жогорулатууга көмөктөшүү
  • Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ден-соолукту чыңдоо борборун түзүү
  • Жаштардын маданий-эстетикалык борборун түзүү
  • "Коопсуз шаар" долбоорун колдоо жана андан ары ишке ашыруу
  • Парктын айланасын сактоо жана андан ары жакшыртуу
  • Калктын билим деңгээлин жана маданиятын жогорулатуу
  • Шаардын санитардык абалын жана экологиясын жакшыртуу.
  • Жакыр жашаган адамдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында ыктыярдуу кыймылды активдүү өнүктүрүү
  • Шаардын скверин реконструкциялоо, шаардыктардын эс алуусуна жана сейилдөөгө шарттарды түзүү.
  • Улуттук долбоорлор менен активдүү иштөө
  • Биздин аймакта айыл чарба азыктарын (эт, сүт, жер-жемиштер, жумуртка, ж.б.) кайра иштетүүчү чакан ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
  • Муниципалдык менчикти, муниципалдык жерди пайдаланууну инвентаризациялоо жана талдоо
  • Катуу таштандыларды (катуу тиричилик калдыктарын) сорттоо боюнча долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
  • Жарандарды өзүн-өзү өнүктүрүүнү өркүндөтүү максатында бизнеске кирүү жана билим берүү жаатында окуу семинарларын жана тренингдерди уюштуруу
  • Шаардын ирригациялык тутумун жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү

•Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуу-материалдык базасын жакшыртууга көмөктөшүү