Саясий партиянын кыскача аталышы: «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы
ИН, ЮЖБР кирүү датасы:
№121215-3300-СП, 17.02.2012 ж.
Саясий партиянын түзүлүшү: физикалык тараптардын ыктыярдуу бирикмеси
Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2013ж.
Катталган регионалдык филиалдардын саны: өкүлчүлүктөр
Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы:
Саясий кеңеш
САЯСИЙ ПАРТИЯ: “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
Байланыш маалыматтары
Дареги: Бишкек ш., Логвиненко к, 93 «А»
Байланыш телефону: 0550432227, 0556052250
Коомдук кабылдама: Бишкек ш., Логвиненко к, 93 «А»
Интернеттеги байланыш тармактары: onuguu-progress@mail.ru
Расмий сайт: www.onuguu.kg
Партиянын төрагасы:
Торобаев Бакыт Эргешевич 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин бүтүргөн. Адистиги боюнча «Экономист». Эмгек жолун 1995-жылы «Жамиля и К» өндүрүш-коммерциялык фирмасында директордун кызматынан баштаган. 1998-1999-жылдары айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча «Азия-Сузак» дыйкан чарбасынын төрагасы. 2000-2007-жылдары «Мариям» ЖЧК ун комбинатынын башкы директору. 2007-2009-жылдары IV-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республика-сынын Өзгөчө кырдаалдар министри. 2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2011-жылдан-2013-жылдын июнь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары. 2013-жылдын 25-апрелинен баштап «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын Төрагасы. 2015-жылы 4-октябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. «Ардак» төш белгисинин ээси, үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.