Шаардык кеңештердин тизмеси > Нарын шаардык кеңеши > "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" саясий партиясы

«Өнүгүү Прогресс» саясий партиясы

 «Өнүгүү Прогресс» саясий партиясынын Нарын шаардык Кеңешине шайлоо алдындагы платформасы:

- Жаңы менен эскини айырмалап, жаңы муундун өкүлдөрүнө ишеним көрсөтүүчү кез келди;

- Жаңы муундун өкүлдөрү-жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жаңы көз караштар;

- Жаңылануу  жолун  тандоо аркылуу жашообузга өзгөртүүлөрдү алып келүү;

- Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу (ички жолдорду ремонттоо, суу кетүүчү арыктарды реконструкциялоо максатында шаардын бюджетинен жыл сайын жүз миң сомдон бөлүп берип туруу, көчөлөргө түнкү шам чырактарын орнотуу, аллеяларды брусчаткалоо);

- шаарыбыздын элин таза суу менен камсыз кылуу жаатында алынып барып жаткан иштерге көзөмөлдү күчөтүү;

- эко-Нарын программасын кабыл алуу (жашылдандыруу маселесин колго алуу, жылына жок дегенде бирден паркты реконструкциялоо, ийне жалбырактуу карагайлардын көчөттөрүн тигүү үчүн шаардын бюджетинен жылыга жок дегенде жүз миң сом бөлүп туруу);

- кадр тандоо маселесин жөнгө салуу (мэрди, вице-мэрлерди жана мекеме-ишканалардын, бала-бакчалар менен мектептердин директорлорун ички конкурс аркылуу дайындоого жетишүү, чоңдорду милдеттүү түрдө депутаттардын арасынан шайлоо керек деген түшүнүктөн арылуу);

- жасалып жаткан иштердин санына эмес, сапатына басым жасоо;

- маданий-эс алуучу жерлерди көбөйтүү (Московский, Көтөрмө чөлкөмдөрүнө велодорожка уюштуруу, 64 чөлкөмүнө туристтик зона жазоо, интернат чөлкөмүнө сквер уюштуруу);

- бала бакчаларды куруу багытында иш-алып баруу;

- социалдык колдоого муктаж адамдар менен тыгыз иш алып  баруу;

- инвесторлор менен байланыш түзүп, шаарыбыздагы көйгөйлөрдү чечүү багытында демилгелерин колдоо аркылуу, алардын ар – тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү;

- спортчулардын материалдык техникалык базасын жакшыртуу, жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо жана жайылтуу;

- жаш кадрларга материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү, иш менен камсыз кылуу, жаштар менен тыгыз иш алып баруу максатында Нарын шаарынын мэриясынын алдында жаштар иштери жана туризм боюнча бир штаттык бирдик ачууга жетишүү;

- Мамлекеттик жеке ишкерлик кызматташуунун (ГЧП) негизинде каза болгондордун сөөгүн жашыруу кызматын ачуу (көрүстөн маселесин тез аранын ичинде чечүү, көрүстөнгө эки кабат, кымбат баалуу эстеликтерди койдурбоо, көрүстөндүн ичиндеги тазалыкты жана тартиптүүлүктү сактоо ж.б.).

Өнүгүүнү өзүңдөн башта!!!