Саясий партиянын кыскача аталышы: ”Замандаш”;

ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 01901200710215

19-январь 2007-жыл;

Саясий партиянын түзүлүүшү:

Уставдын кабыл алынган датасы: 2 – май 2018-жыл;

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 8;

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: партиянын саясий кеңеши;

“ЗАМАНДАШ” САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

Байланыш маалыматтары

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Жал-23 кчр, 28-үй

Байланыш телефону: 0312 340190

Коомдук кабылдама: 0312 340190

Интернеттеги байланыш тармактары: 0312 340190

Расмий сайт: zamandash.kg

Партиянын төрагасы: ОМУРАКУНОВ АСКАР МУХТАРБЕКОВИЧ

“Атам Мухтарбек Сүйүналиевичтин “Мен ата-энемди кандай сүйсөм, өзүмдүн балдарымды кандай сүйсөм, үй-бүлөмдү, бир туугандарымды кандай сүйсөм – Мекенимди, элимди ошондой сүйөм ”,-деп айтканы ар дайым оюмда сакталып, көкүрөгүмдөгү көксөө болуп турат. Атамдын айткандары бул менин жашоомдогу  негизги  багыт. Атанын уулу болуу мага зор сыймык, андыктан алдыда атамдын аткарам деп, бирок үлгүрбөй кеткен иштерин орундатам деген чоң тилектерим бар”.

Мен, Өмүракунов Аскар Мухтарбекович 1996-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем. Атам  Мухтарбек Өмүракунов  кыргыз элинин сүймөнчүлүктүү уулу, коомдук ишкер. Ал  бүт өмүрүн элине кызмат кылууга арнаган. Апам Чынара Шейшекеева кесиби боюнча инженер-куруучу-технолог, көп жылдардан бери жеке ишкердик жана коомдук иштер менен алектенет. Атамдын көзү өткөнү бир туугандарыма аталык да, энелик да мээримин төгүп, татыктуу тарбия, билим берип бардыгыбызды бирдей эрежеге жеткирди.  Үй-бүлөдө жети бир туугандын улуусумун.  Бала курагымда спортко кызыгуу арттырып, 2004-2008-жылдары таэквон-до менен профессионалдуу машыктым. Жыйынтыгында таэквон-до боюнча Республиканын чемпиону болдум.  Мектепти Бишкек шаарындагы «Абитуриент»  классикалык билим берүү мектебин ийгиликтүү аяктап, 2013-жылы Москва Финансылык Өнөр жай Университетинин юриспруденция бөлүмүнө тапшырып, 2018-жылы ушул эле окуу жайдын “Энергетикалык кызматташтыкты жана мунай-газ ресурстарын өздөштүрүүнү укуктук жактан колдоо” боюнча магистратура бөлүмүн аяктадым. Адистигим боюнча юрист-энергетик.

2016-жылдан баштап коомдук – саясий жана маданий иштерге жигердүү аралашып, 2017-жылы Жаштардын Биринчи Дүйнөлүк курултайына катыштым. Бул багытта уюштуруучулук жана башка долбоорлорду ишке киргизүүгө салым коштум. Ошол эле жылдары “Тянь-Шань” MODEL UN жана Бишкек Инвестициялык форумду уюштурууда жана өткөрүүдө активдүү катышуучуларынын бири болдум.

2017-жылы саясатчы жана коомдук ишкер Мухтарбек Өмүракунов түптөп, негиздеп кеткен “Замандаш” саясий партиясынын жаштар канатынын мүчөсү;

2021-жылдын февраль айынан баштап “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы;

Үй- бүлөлүүмүн. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөп, оюмду кенен түшүндүрө алам.

Саясий партиянын шайлоого катышуусу:

КР ЖК депутаттарын шайлоо  - 2010-ж., 2015- - ж., 2020 – ж.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо – 2012-ж., 2016-ж., 2020 – ж., 2021-ж.