«Замандаш» саясий партисынын программасы

 «Замандаш» партиясы, Адам – мамлекеттин эң башкы ресурсу экенин эске алып, шайлоо алдындагы программасын адамды өнүктүрүүгө, маданий жана жан дүйнө баалуулуктарын сактоо ниетин ишке ашырууга негиздеген.

Биздин артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр:

«Балага сүйүнчүнүн» көлөмүн жогорулатууга, төрөлгөндөн баштап өмүр бою сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга, медицина кызматкерлеринин социалдык камсыздандыруу шарттарын жакшыртууга жана алардын иштери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн социалдык турак-жайдын курулушун демилгелейбиз. Бир учурда үч эм же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө турак-жай берүү демилгесин мыйзам түрүндө бекитебиз.

Окуучулар үчүн акысыз кошумча тил жана IT курстарын, муниципалдык мектепке чейинки даярдоо мекемелерине чет тилдерди окутууну киргизебиз. Шаардын ар бир районуна жаштар борборлорун ачабыз

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн шаардыктардын социалдык карта долбоорун иштеп чыгууну демилгелейбиз. Акысыз негизде көрсөтүлгөн муниципалдык кызматтардын санын көбөйтөбүз. Майып балдардын социалдык адаптациясын, майып балдары бар үй-бүлөлөрдү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелерди колдоону уюштурабыз.

Жогорку технологиялык ишканаларды ачууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында технопарк түзөбүз. Жаңы ишкерлерге консультациялык кызматтар көрсөтүлө турган муниципалдык бизнес борборун ачабыз.

Бардык муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрөбүз. «Түндүк» системасынын муниципалдык органдарда жана ишканаларда толук түрдө иштешин камсыз кылабыз. «Акылдуу шаар» системасын жана анын компоненттери: «Коопсуз шаар», «Акылдуу короо» системаларынын толук ишке кирүүсүн камсыз кылабыз.

 «Замандаш» партиясы принципиалдуу партиялардын бири катары берилген программаны толук ишке ашырууну көздөйт. Биздин программада реалдуу курч маселелер жана аларды чечүү жолдору чагылдырылган.

Шаардын өнүгүү потенциалы рационалдуу түрдө колдонулган эмес.

Борборубуз жашоочулары менен меймандарына ыңгайлуу жана бакубат   болуусу шарт!

Биздин программада узак жана кыска мөөнөттүү пландагы иш-чаралар камтылган.

«Замандаш» партиясы - Иштин партиясы!