Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Өнүгүү Прогресс" Саясий партиясы

Саясий партиянын кыскача аталышы: «Өнүгүү-Прогресс» СП

ИН, ЮЖБР кирүү датасы: №121215-3300-СП, 17.02.2012 ж.

Саясий партиянын түзүлүшү:  физикалык тараптардын ыктыярдуу бирикмеси

Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2013 г.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: өкүлчүлүктөр

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кеңеш

САЯСИЙ ПАРТИЯ: “Өнүгүү-Пргоресс” саясий партиясы

Байланыш маалыматтары

Дареги: Бишкек ш., Логвиненко к, 93 «А»

Байланыш телефону: 0550432227, 0556052250

Коомдук кабылдама: Бишкек ш., Логвиненко к, 93 «А»

Интернеттеги байланыш тармактары: onuguu-progress@mail.ru

Расмий сайт: www.onuguu.kg

Партиянын төрагасы: Торобаев Бакыт Эргешевич

1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган.

Жогорку билимдүү.

1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин  бүтүргөн. Адистиги боюнча «Экономист».

Эмгек жолун 1995-жылы «Жамиля и К» өндүрүш-коммерциялык фирмасында директордун кызматынан баштаган.

1998-1999-жылдары  айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча «Азия-Сузак»  дыйкан чарбасынын төрагасы.

2000-2007-жылдары  «Мариям» ЖЧК ун комбинатынын башкы директору.

2007-2009-жылдары IV-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

2011-жылдан-2013-жылдын июнь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.

2013-жылдын 25-апрелинен баштап  «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын Төрагасы.

2015-жылы 4-октябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

 «Ардак»  төш  белгисинин ээси, үй-бүлөлүү,  беш  баланын  атасы. 

Саясий партиянын программасы:

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын негизги максаттарынын бири жарандык коомду өнүктүрүү менен бирге демократиялык, унитардык мамлекетти куруу. Кыргызстан парламентаризм өнүгүп жаткан өлкө, келечекте (2025-2035) борбор азия аймагында финансылык, туристтик жана транзиттик борбор болот. Кыргызстан өзүнүн агрардык-өндүрүштүк республика, көз карандысыз соттук система, профессионал, мобилдүү армия жана өнүккөн транспорттук инфраструктуралык статусун кайтарышы керек.

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат: Төрага, партиянын Съезди, партиянын Саясий кеңеши, ревизиялык комиссия, аймактык бөлүмдөр

Саясий партиянын жаштар уюму: Жаштар канаты

Саясий партиянын шайлоого катышуусу

2015 (13 мандат), КР Жогорку Кеңешине шайлоо,

2017 ж. – КР Президентин шайлоо;

2012, 2016, 2018, 2020 ж.- жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордо катышуу.