Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Өнүгүү Прогресс" Саясий партиясы

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын программасы:                   

 Биздин саясий идея жана көз караштарыбыз:

Идеялык-политикалык спектрде «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы укуктук борбордогу багытты тандаган партия. Партия өзүнүн саясий программаларында жеке менчик, базар экономикасы жана саясий, партиялык жана экономикалык атаандаштыкты өнүктүрүүнү белгилейт.

Партиянын негизги базалык идеологиясы неоконсерватизм. «Өнүгүү-Прогресс»партиясынын элитасы саясий маселелерди революциялык жол менен чечүүгө каршы, экономикадагы жана коомдогу туруктуулукту колдойт, патриоттулук баалуулуктарды карманат, үй-бүлөлүк баалулуктарды баалап, бул салттарды сактап урпактарга өткөрүп берүүнү негизги максаты катары эсептейт. Ошол эле учурда улуттук каада-салттар Кыргызстанда жарандык коомдун, социалдык жана экономикалык жашоосунда иновациялардын өнүгүшүнө барьер болбошу керек.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы салттык коомдук моралды сактап калуу приоритеттүү маселе деп эсептейт жана коргоо, коопсуздук, укуктук тартип сыяктуу мамлекеттин базалык функцияларына өзгөчө маани берет.

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы коомду жана экономиканы башкарууда мамлекеттик бийликтин кийлигишүүсүнүн зарыл экендигин кабыл алат, бирок бул кийлигишүү чеги менен жана регулятивдүү мүнөздө болушу керек. 

Тышкы саясат боюнча партия салттуу тышкы саясий байланыштарды өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү приоритети катары карманат.

Баалуулуктар жана нормалар:

Саясий партиянын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде.

Партиянын стратегиялык чечимдери партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылып кабыл алынат.

Улуттар аралык ынтымак, жарандарын укуктарын коргоо Кыргызстандагы жарандык коомдун стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун сактоонун негизги гаранты болуп саналат.

Максаты (мамлекеттин келечектеги образы)

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын негизги максаттарынын бири жарандык коомду өнүктүрүү менен бирге демократиялык, унитардык мамлекетти куруу. Кыргызстан парламентаризм өнүгүп жаткан өлкө, келечекте (2025-2035) борбор азия аймагында финансылык, туристтик жана транзиттик борбор болот. Кыргызстан өзүнүн агрардык-өндүрүштүк республика, көз карандысыз соттук система, профессионал,  мобилдүү армия жана өнүккөн транспорттук инфраструктуралык статусун кайтарышы керек.