Саясий партиянын кыскача аталышы: ИШЕНИМ

ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 01010201110014, 10.10.2011

Саясий партиянын түзүлүүшү:

Уставдын кабыл алынган датасы: 05.08.2011 г.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 5

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кеңеш

“ИШЕНИМ” САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

Байланыш маалыматтары: 0708 72 72 87

Дареги: Бишкек ш., Манаса пр., 12-а

Байланыш телефону: 0502 828 500

Коомдук кабылдама: 0505 053 197

Интернеттеги байланыш тармактары: facebook: Политическая партия “Ишеним”

Instagram: ishenim_official

Расмий сайт: -

Партиянын төрагасы: Ибаков Мирлан Таштандиевич

ИБАКОВ МИРЛАН ТАШТАНДИЕВИЧ

1968-жылдын 26-декабрда Ысык-Көл облусунун Прежевальск шаарында туулган. 1986-ж. Прежевальск шаарынын Киров атындагы №4 орто мектебин аяктаган. 1987 ж.  Воронеж облусунун Борисоглебск шаарындагы Чкалов атындагы жогорку аскер авиациялык окуу жайында билим алган.  1987-88 гг. Советтик Армиясында кызмат өтөгөн. 1988-1993 жылдары Кыргы Мамлекеттик улуттук университетинин Информатика жана математика факультетинде билим алган.

1994-95 ж.ж.   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун пресс-кызматында башкы адис болуп иштеген.

1995-96 жж.    “Кыргыз Туусу” гезити, верстальщик

1996-1997 жж.     АО ТНК «Дастан», инженер – программист.

1997-2001 жж.     «Трансфер» ЖЧК, менеджер

2001-2005 жж.     «Жека Лтд» ЖЧК, директордун орун басары

2005-2008 жж.     «Стройбат» ЖЧК, директордун орун басары

2008 -2010 жж.    «Стройбат» ЖЧК, директор

2010-2011 жж Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты

2011 ж.            «Стройбат» ЖЧК, директор

2012 ж.            «Чех.Кейджи» ЖЧК, директор

2013-2014 ж.   «Мунай Эксим» ЖЧК, директордун орун басары

2013-2015 ж.   «Кумтор Голд Компани» ЖАК, эксперт-провайдер  

2016-2017 ж.   «Кыргыз-Тоо-Таш» ААК, директордун орун басары

2019 ж.            ОсОО «Кыргызкомпозит», директор 

Саясий партиянын программасы (баяндоо):

БИШКЕК – БИРИМДИКТИН, ӨНҮГҮҮНҮН

ЖАНА МЫЙЗАМДУУЛУКТУН ШААРЫ! 

Бишкекти биз:

  • Абасы таза, кооз шаар!
  • Транспорттук тыгындары жок заманбап шаар!
  • Балдарыбызды тарбиялап, өстүргүбүз келген ыңгайлуу, жайлуу шаар!
  • Барктуу иштеп, окуган ийгиликтүү шаар!
  • Туристтерге жана конокторго ар дайым кубанган меймандос шаар!
  • Мыйзам жана тартип башкы орунда болгон адилеттүү шаар!
  • Чындап жашагың келген сүйүктүү шаар – катары көргүбүз келет!

Биз өз күчүбүзгө ишенебиз, биз шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун да билебиз! Борборубузду гүлдөгөн шаарга айландырууга биздин билимибиз дагы, тажрыйбабыз дагы жетиштүү. Биздин милдетибиз мына ушул!

Биздин приоритеттер

  • Шаарды жакшыртуу
  • Шаарды социалдык-маданий жактан өнүктүрүү
  • Экологиялык коопсуздукту камсыздоо
  • Шаардык экономиканы өнүктүрүү

Биздин саясий партиянын позициясы «Бишкек – Биримдүүлүктүн, Өнүгүүнүн жана Мыйзамдуулуктун шаары!» - деп аталган концептуалдык тезиске негизделген.

Биз – баардык аракеттерибизди дал ушул багытка топтоштурдук!

Биз – профессионалдардын жана пикирлештердин командасыбыз!

Биз – Силердин колдооңорго ишенебиз! 

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат: Съезд, Саясий кеңеш, Аткаруу органы, Ревизиялык комиссия, Регионалдык бөлүмдөр, Баштапкы бөлүмдөр

Саясий партиянын жаштар уюму (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):

Саясий партиянын шайлоого катышуусу: шайлоодо биринчи жолу катышууда