ШААРДЫК ЭКОНОМИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ПРИОРИТЕТТЕРИБИЗ

Эффективдүү башкаруу менен ишкерчиликти комплекстүү түрдө коргогон жана колдогон, шаардык экономиканын өсүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзгөн чөйрөнү калыптандыруу.

АДМИНИСТРАТИВДИК ТОСКООЛДУКТАРДЫ КЫСКАРТУУ

Биз муниципалдык реформа жасайбыз. Кереги жок органдар кыскартылып, ашыкча уруксаат кагаздарын жоёбуз. Муниципалдык активдерди эффективдүү башкаруу жолго коюлат.

ШААРДЫК БИЗНЕС-ИНФРАСТРУКТУРАНЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ

Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн Бишкектин заманбап бизнес- инфраструктурасын түзөбүз. Документтерди топтоо иштери толугу менен электрондоштурулуп, калкты тейлөө борборлорунда «Бирдиктүү терезе» аркылуу ишке ашырылат.

МАМЛЕКЕТТИК – ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК

Ишкерчиликти туруктуу өнүктүрүү үчүн «Мамлекеттик – жеке менчик өнөктөштүк» мыйзамындагы баардык мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу пайдаланабыз. Жаңы ишканаларды салууда шаар өнөктөш болот. Шаардыктар менен инвесторлордун ашыкча акчасын аккумуляция кылуу үчүн “Шаарды өнүктүрүү фонду” түзүлөт.

ШААРДЫК ЭКОНОМИКАНЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮ

Шаардык экономиканы өнүктүрүүдө - жергиликтүү өнөр жайга, экспортко багытталган өндүрүшкө көбүрөөк басым жасалат. Шаардын соода инфраструктурасын өнүктүрүү багытында чечкиндүү аракеттер жасалып, базарлардын, коомдук тамактануучу жайлардын тегерегин жакшыртып, «көмүскө экономиканын» үлүшүн азайтууга күч жумшалат.

ШААРДЫН СОЦИАЛДЫК-МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮСҮ БОЮНЧА ПРИОРИТЕТТЕРИБИЗ

Шаардын жашоочуларынын билимине, медициналык кызмат алуусуна, маданиятынын деңгээлине оң таасир этүүчү шаардын социалдык-маданий системасын калыптандыруу.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ОБЪЕКТИЛЕРИНЕ ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК

Шаардыктардын жашаган жерине, каттоосуна карабай саламаттыкты сактоо объектилеринин кызматын пайдалануусуна толук шарт түзөбүз. Бул үчүн жаңы конуштарга жаңы бейтапканаларды куруу менен шаардагы саламаттыкты сактоо объектилерин реконструкциядан өткөрөбүз.

МЕКТЕП ЖАНА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ МЕКЕМЕЛЕРДИ КОЛДОО Шаардын бардык райондорунда, өзгөчө кейиштүү абалдагы аймактарда жаңы мектептер, бала-бакчалар курулат.

ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРГӨ КАМ КӨРҮҮ

Ар бири 140 - 250 балага ылайыкталган 10 муниципалдык бала – бакча, яслилерди куруу планыбыз бар. Ошондой эле жеке менчик бакчалардын ачылышын толук колдоого алабыз.

 ШААРДЫ ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ПРИОРИТЕТТЕРИБИЗ

Шаар тургундарына өз убагында, сапаттуу, жеткиликтүү кызмат көрсөтүү үчүн муниципалдык, инфраструктуралык мультисистеманын заманбап үлгүсүн калыптандыруу.

ШААРДЫК КОММУНАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

Ар бир шаардык муниципалдык кызматтардын бардык коммуналдык тейлөөлөрүн толук көлөмдө ала тургандай жогорку деңгээлдеги коммуналдык инфраструктураны уюштурабыз. Шаардын жаңы конуштарын суу, газ, электр энергиясы, ирригациялык, канализациялык жана дренаждык түйүндөрү менен толук камсыздайбыз.

ШААРДЫН КООМДУК ЖАЙЛАРЫНА КАМКОРДУК

Биз шаардын санитардык-эпидемиологиялык абалын тартипке келтиребиз. Көчөлөрдүн баарына таштанды урналары коюлуп, гүлзарлар, ыңгайлуу орундуктар жасалат. Шаардын тийиштүү кызматтарына бул үчүн атайын техникалар алынат. Арыктар жана аялдамалар да жакшыртылат. Өзгөчө көңүл шаардын көчөлөрүн жана аянттарын жарыктандырууга бурулат.

ШААРДЫК КООМДУК ТРАНСПОРТ

Орточо сыйымдуулуктагы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга ыңгайлуу болгон 200 заманбап автобус, 100 троллейбус алабыз. Троллейбустук каттамдарда электр чубалгылары толугу менен алмаштырылат. Муниципалдык бардык транспортторго электронддук билет системасы киргизилет. Жеке менчик маршруттук унааларды шаардын чет жагына которобуз.

ШААРДЫН ЖОЛ ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Жолдорго өз убагында, сапаттуу ремонт иштери жүргүзүлөт. Коомдук транспорт жана шаардын тез жардам кызматтарынын атайын унаалары тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн өзүнчө жол сызыгын уюштурабыз. Шаар боюнча үзгүлтүксүз каттоо үчүн «Жашыл толкун» системасын калыбына келтиребиз.

ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ САКТОО БОЮНЧА ПРИОРИТЕТТЕРИБИЗ

Шаардык флораны жана шаардыктардын ден соолугуна оң таасир эткен, айлана - чөйрөнү кескин түрдө өзгөртө алуучу экологиялык коопсуздук боюнча туруктуу системаны калыптандыруу.

ЖЭБГЕ МОНИТОРИНГ

Бишкек шаардык кеңеши, ЖЭБ, Өкмөт, мэрия, жарандык активисттер, эксперт-экологдордун катышуусунда атайын комиссия түзөбүз.

КҮЙҮҮЧҮ ОТУН КОЛДОНГОН ОБЪЕКТИЛЕРГЕ КӨЗӨМӨЛ КЫЛУУ

Экологияга зыян берүүчү заттарды күйгүзгөн ишканаларга, котельныйларга ж.б. объектилерге көзөмөлдү күчөтүп, техникалык фильтрлерды орнотууну милдеттендиребиз. Келечекте аларды газга өткөрөбүз.

ШААРДЫК ТРАНСПОРТТУ ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАЗА ОТУНГА КОТОРУУ

Борбор калаанын аймагында Euro-4төн төмөнкү стандарттагы күйүүчү майга тыюуу салабыз. Шаар ичиндеги автотранспорттордун зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусу тыкыр текшерилет. Электр жана газ менен жүргөн коомдук транспортторду сатып алууга жетишебиз. Муниципалдык транспортторду да газ менен электр энергиясына өткөрөбүз.

ЖЕКЕ ТУРАК ЖАЙЛАРДЫ ЖАНА ЖАҢЫ КОНУШТАРДЫ ГАЗДАШТЫРУУ

Борбор шаарды газдаштыруу программасын иштеп чыгып, газдаштыруу фонду түзүлөт. Ал фонд жеке турак жайларга газ түтүктөрүн тартууга жеңилдетилген кредит берет.

ШААРДЫН ЖАШЫЛ КАТМАРЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

Шаардын жалпы колдонуудагы жашыл аймагын учурдагы 7 пайыздан 40 пайызга чейин жеткиребиз.

ТАШТАНДЫ ЫЛГАЛООЧУ ЗАВОДДУН КУРУЛУШУ

Таштанды ылгалоочу заводдун курулушун тездетебиз. Аны шаардын таштанды полигонунда курабыз.

БОРБОР КАЛААНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК КОДЕКСИ

Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн атайын Экологиялык кодекс кабыл алынат.

 УРМАТТУУ ШААРДЫКТАР!

Биз баарыңыздарга жана ар бириңиздерге кайрылабыз! Бүгүн баарыбызды шаарыбыздын келечеги ойлондурат. Алдыда Бишкектин тагдырын чечүүчү шаардык кеңешке болгон шайлоо турат. Бул шайлоодо кимдер жеңет? Баягы эле эскилерби? Чынында эл алардан тажады! Биз алардын эскирип, тапталып бүткөн куру убадаларына ишенбейбиз. Өзгөрүүгө мезгил келди! Жаңыланууга жаштар менен чогуу кадам таштайлы! Бизге, жигердүү жаштарга ишеним арткыла. Ишенимиңерди ишибиз менен далилдейбиз! Сиздин добушуңуз – Бишкектин келечегине кошкон зор салымыңыз!

Азамат ДОРОЕВ,

«Ишеним» партиясынын Бишкек бөлүмүнүн төрагасы

 БИЗДИ КОЛДОП БЕРИҢИЗ, СҮЙҮКТҮҮ ШААРЫБЫЗДЫ ЧОГУУ ӨНҮКТҮРӨЛҮ!

 Азамат ДОРОЕВ,

«Ишеним» партиясынын Бишкек бөлүмүнүн төрагасы

 БИЗДИН ПРИОРИТЕТТЕР

  • Шаардык коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүү
  • Шаардын коомдук жайларына камкордук
  • Шаардык коомдук транспорт
  • Шаардын жол инфраструктурасы
  • Шаардык унаа токтотуучу жайлар
  • Шаардыктардын маданиятын көтөрүү
  • Саламаттыкты сактоо объектилерине жеткиликтүүлүк
  • Мектеп жана мектепке чейинки мекемелерди колдоо
  • Жаш өспүрүмдөргө кам көрүү
  • Шаарда сергек жашоо образын даңазалоо
  • ЖЭБге мониторинг
  • Күйүүчү отун колдонгон объектилерге көзөмөл кылуу
  • Шаардык транспортту экологиялык таза отунга которуу
  • Электр энергиясына болгон тарифтин дифференцияланган (жайкы-кышкы деп бөлүштүрүлгөн) системасын киргизүү
  • Жеке турак жайларды жана жаңы конуштарды газдаштыруу
  • Шаардын жашыл катмарын калыбына келтирүү
  • Таштанды ылгалоочу заводдун курулушу
  • Борбор калаанын экологиялык кодексин кабыл алуу
  • Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу
  • Шаардык бизнес-инфраструктураны калыптандыруу
  • Кичи жана орто бизнести колдоо
  • Мамлекеттик – жеке менчик өнөктөштүгү
  • Шаардык экономиканын туруктуу өнүгүүсү
  • Шаардык туризмди өнүктүрүү

 

УРМАТТУУ ШААРДЫКТАР!

Биз Бишкекти абасы таза, кооз шаар катары көргүбүз келет. Унаа тыгындары жок, заманбап шаар кылабыз! Балдардын күлкүсү угулган, бардык жактан ыңгайлуу шаар болот.

Окуп билим алганың, иштегениң сыймык тартуулаган, ийгиликтердин шаары болот! Коноктор жана туристтерге эшигин кенен ачкан, меймандос шаар болсо дейбиз.

Мыйзам жана тартип орногон, чындап жашагың келген, жан дүйнөңө жакын шаарга айлантабыз!

Биз өз күчүбүзгө ишенебиз, биз шаардын көйгөйлөрүн жана аны чечүүнүн жолдорун да билебиз! Биздин шаарыбызды гүлдөткөнгө жетишерлик билим, тажрыйбабыз бар! Биздин миссиябыз мына ушунда!

 

 ICONS

0709318385

ishenimdoverie.dop@gmail.com

ishenim_official

"Ишеним" саясий партиясы

Дареги: Бишкек ш., Манас пр., 12а

 

ИШЕНИМ” – ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР! ӨНҮККӨН ШААР!