Алмаз уулу Аскар

Туулган жылы, айы, күнү:  7.11.1993-ж. 

Туулган жери: Бишкек шаары

Улуту: Кыргыз

Атуулдугу: Кыргыз Республикасы

Үй-бүлөлүк абалы: Никелүү

Билими: Жогорку.

1999-жылы Бишкек шаарындагы №58 орто мектепке биринчи класска барып, 2009-жылы ийгиликтүү аяктагам. Билимим жогорку. 2009-жылы Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институна тапшырып (ИСИТО), юрист адистигин алгам. 2021-жылы И. Раззаков атындагы КМТУга экономика адистигине тапшырып, 2023-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ошондой эле 2023-жылы Орусиянын президентине караштуу Орусия эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын (РАНХиГС) “Мамлекеттик башкаруу” дипломун алдым.

Эмгек ишмердүүлүгү: 

2019-жылдын декабрь айында мен пикирлеш адамым менен биргеликте “Жаштардын Демилге Борбору” коомдук бирикмесин түздүк. Азыркы убакытка чейин коомдук бирикмебиз жарандарыбыздын жашоосун козгогон көптөгөн долбоорлорду ишке ашыра алды. Бул уюмдун алкагында жаштарды бириктирүү максатында эл аралык жана улуттук саммиттер уюштурулуп, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кайрымдуулук акциялары өткөрүлүп, өлкө үчүн оор мезгилде колдоо көрсөтүү иш-чаралары уюштурулуп турду.

Бүгүнкү күндө “Жаштардын Демилге Борбору” коомдук бирикмеси өз ишин улантууда. Учурда «Эл Үмүтү» социал-саясий партиясынын төрагасымын.