- Клептократияга каршы күрөш (бийликтин артыкчылыктарын жеке байлыгын жана саясий таасирин жогорулатуу үчүн колдонгон шылуундар көзөмөлдөгөн саясий институт);
- Коалициялык компромисс эмес, саясий принципиалдуулук. Биз коомчулуктун кеңири маалыматына жана көз карандысыз экспертизага таянуу менен парламентте мыйзам чыгаруу ишин эффективдүү жүргүзгүбүз келет;
- Билим берүү тармагын каржылоону бир нече эсеге көбөйтүү жана Кыргызстанда атаандаштыкка жөндөмдүү орто жана орто кесиптик билим берүүнүн жаңы системасын түзүү үчүн чет элдик адистерди тартуу;
- Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө түзүү.
- Экономикада мамлекет менен жеке демилгенин негиздүү балансы. Экономиканын стратегиялык тармактарына мамлекеттин көбүрөөк катышуусу, бирок кичи жана орто бизнестин иштерине азыраак кийлигишүүсү;
- Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө иш алып барган чет өлкөлүк компаниялар үчүн улуттук мыйзамдардын приоритеттүүлүгүн калыбына келтирүү;
- Экологиялык саясатта жана мыйзамдарда экологиялык жоопкерчилик жана жогорку мамлекеттик стандарттар;
- Экономикалык демилгени жана бюджеттик колдоону децентралдаштыруунун жогорку даражасы менен региондорду гармониялуу, тең салмактуу өнүктүрүү.