ДУУЛАТОВА САЙРАГҮЛ САДЫКОВНА
Мен Дуулатова Сайрагүл Садыковна 1976-жылы 20-августта азыркы Баткен областынын Лейлек районундагы Айбике айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулгам.
1993-жылы «Маданият» орто мектебин бүтүргөм. Эки жогорку билимим бар.
1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетине тапшырып, 1998-жылы журналист адистигин алып аяктагам. Экинчи жогорку билимди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетин 2017-жылы бүтүрүп, юрист квалификациясын алдым.
Эмгек жолумду 1994–1999-жылдары окуу менен бирге «Пирамида» телерадио компаниясында кабарчы болуп иштеп баштагам.
1999–2009-жылдары Кыргыз Билим берүү Академиясынын басма бөлүмүндө ага лаборант, методист, жетектөөчү илимий кызматкер, башкы адистик кызматтарында, 1999–2003-жылдары ушул эле академияда Азия өнүктүрүү банкынын «Билим берүүнүн биринчи долбоорунун» алкагында улуттук мазмундагы окуу китептерин даярдоо, которуу, адаптациялоо иштеринде редакторлук, котормочулук, корректорлук милдеттерди аткардым.
2009–2012-жылдары Кыргыз Билим берүү Академиянын Аспирантурасынын жалпы педагогика бөлүмүн аяктадым.
Илимий ишимдин темасы: «Кыргыз адабияты окуу китептерин компетенттүүлүктүн негизинде түзүүнүн дидактикалык негиздери».
2009–2011-жылдары «Айат пресс» коомдук-саясий гезитинде кабарчы
2011–2013-жылы Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз катчысы болуп эмгектендим.
2013–2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаттарынын консультанты.
2015-жыл, октябрь, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер (“Бир бол” саясий партиясы).
2015–2016-жж. Жогорку Кеңештин аппаратынын “Бир Бол” депутаттык фракциясынын катчылыгынын улук консультанты кызматында эмгектендим.
2016–2019-жж. «Билим-компьютер» басмасынын башкы редактору.
2020–2024-жж. коомдук башталышта “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын жетекчиси катары эмгектендим.
2024-ж. июнь айынан баштап “Байчечекей” балдар журналынын Башкы редакторунун орун басары болуп иштеп жатам.
Үй-бүлөм бар. Кызым Раева Диана, кыргыз-түрк “Айчүрөк” кыздар лицейин бүтүргөн. Учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык Академиясынын “Дарылоо” факультетинде бюджеттик негизде 4-курста окуйт.
Эмгек жолумда билим берүү жана илим тармагында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында үзүрлүү эмгектенип келе жатам. Кыргызстандагы алгачкы улуттук мазмундагы мектеп окуу китептерин, анын ичинде кыргыз адабияты, кыргыз тили, адабий окуу жана тарых окуу методикалык-комплекстерин даярдоодо жана басмадан чыгарууда редактор, авторлош, корректор катары салымымды коштум.
Кесиптик ишмердигинен сырткары, кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектерин даңазалап, жаңы жана жаш авторлордун чыгармачылыгын таанытуу, китептерин чыгарып, коомчулукка жайылтуу иштерин жасап келем. Ошондой эле улуттук баалуулуктарды жайылтуучу ири улуттук долбоорлордун редактору катары иш алып барам.
Журналистик жана коомдук ишмердигим – мамлекеттин идеологиясын жана саясатын колдоо, улуттук баалуулуктарды жайылтууга салым кошуу жана басма иштерине багытталып келе жатат.
Менин жакын туугандарым:
Атам Дуулатов Садык – жогорку билимдүү, экономист. Кыргыз Мамлекеттик университетинин финансы жана экономика факультетин бүтүргөн. Жогорку партиялык мектепти аяктаган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, кийин райондук аткаруу комитетинде көп жылдар бою партиялык жана мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген. 2025-жылы февралда каза болгон.
Апам Паязова Зульпия, колхоздо жана бала бакчада иштеген. Учурда ардактуу эс алууда.
Төрт бир туугандын улуусумун.
Иним Дуулатова Талантбек Садыкович, 1978-жылы 2-февралда туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү.
Иним Дуулатов Канатбек Садыкович 1980-жылы 15-майда туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү.
Сиңдим Дуулатова Улугай Садыковна 1981-жылы 10-декабрда туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү. Кыргыз Улуттук университетин жана КР дипломатиялык академиясын аяктаган. Баары Бишкек шаарында жашайт.
Мен жана менин ата-энем, бир туугандарым сот жообуна тартылган эмес.
Сыйлыктарым:
КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын “Жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” төш белгиси, 2017-ж.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Ардак грамота. 2021-ж.
Кыргызстан Аялдар конгрессинин “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, 2022-ж.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, 2023-ж.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Ардак грамота, 2023-ж.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы, 2023-ж.
Бишкек мэриясы, Ардак грамота, 2023-ж.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамотасы, 2024-ж.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак Грамотасы, 2024-ж.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак Грамотасы, 2024-жыл.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ардак Грамотасы, 2024-жыл.
Жарык көргөн эмгектерим:
«Адамгерчилиги менен айыктырган дарыгер», Б., «Адвер принт», 2025.
«Наркозу Батыров», түзүүчү, Б., «Адвер принт», 2025.
«Исхак Раззаков жана анын замандаштары», – Б., «Аль Салам», 2022.
- «Лейлек килеми». – Б., «Maxprint», 2017.
- «Абдираим Шама». – Б., «Гүлчынар», 2005.
- «Абдираим Шама – Лейлек булбулу», – Б., «Гүлчынар», 2007.
- «Дилазык», 1-класс. – Б., «Азур», 2009.
- «Дилазык», 2-класс. – Б., «Азур», 2009.
- «Класстан тышкаркы окуу», 1-класс. Б., «Азур», 2009.
- «Класстан тышкаркы окуу», 2-класс. Б., «Азур», 2009.
- “Вестник КАО”, Бишкек, 2006–2009-жж.
- «Алай айымдары» журналы, 2021-ж.
- «Ак Мөөр» журналы, «Адвер принт», Б., 2022–23-24-25-жж.