- Аялдардын жана балдардын укугун социалдык жактан коргоого алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү;
- Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, үй-бүлө институттарын, каада-салтын, үрп-адатын сактоо жана жайылтууну мамлекеттик деӊгээлде жогорулатуу;
- Улуттун саламаттыгына кам көрүү (туура тамактануу), сергек жашоо образын жайылтуу;
- Аялдардын ишкерлигин, демилгелерин колдоо (мамлекеттик колдоолор, инвестиция тартуу);
- Билим берүү мекемелерине «Энелер» мектебин туруктуу жайылтуу;
- Калктуу конуштарды ичүүчү таза суу жана сугат суулары менен камсыздоону күчөтүү;
- «Чек аралаш айыл» макамын райондун бардык аймагына киргизүү;
- Орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн "Элеттик ишкер" программасын кабыл алуу жана анын каржылык булагын чечүү жолдорун табууну Министрлер Кабинетине сунуштоо;
- «Чек ара статусу» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен ал аймакта жаңы катталган ишканаларга 3–5 жылдык салык жеңилдиктерин киргизүү;
- Баткен облусундагы жер алдындагы кендерди пайдаланууда соцпакеттин көлөмүн көтөрүү;
- "Көп балалуу үй-бүлө" жөнүндө мыйзам жазуу. Ал мыйзам көп балалуу үй бүлөлөрдө бирден бала өлкөдөгү ЖОЖда акысыз билим алуусун камсыздайт.