АЛИМБЕКОВ НУРБЕК КААРЫЕВИЧ
АЛИМБЕКОВ НУРБЕК КААРЫЕВИЧ
Туулган жылы: 13-март, 1975-жыл. Улуту кыргыз, үй-бүлөөлүү, 5 баланын атасы.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу району, Папан айылы.
Билими:
1997-жылы Ош технологиялык университетинин «инженер- технолог» адистигин аяктаган.
2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
2007-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «финансы-кредит» адистигин аяктаган.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 2003-жылы жеке ишкерликтен баштаган;
- 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген;
- 2008-2010-жылдары жоопкерчилиги чектелген «Папан Курулуш» ишканасынын директору болуп эмгектенген;
- 2008-2010-жылдар арасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси болгон;
- 2010-жылы «Республика» партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон;
- 2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
- 2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланган;
- 2019-жылдын 29-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы.
- 2020-жылдын 14-октябрында “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланган;
- 2021-жылдын ноябрь айында №8 Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
- 2022-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Сыйлыктары:
2010-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын Ардак грамотасы.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
2016-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын « За укрепление парламентского сотрудничества » медалы.
2018-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын «Содружество» ордени.
2020-жылы Айыл чарбанын мыктысы тѳш белгиси менен жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.