АЛИМБЕКОВ НУРБЕК КААРЫЕВИЧТИН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ
Мектеп жана бала бакчалар
Мен үчүн билим берүү тармагы дайыма артыкчылыктуу багыт болуп келет. Буга чейинки депутаттык ишмердигимде да мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздиги боюнча маселени улам көтөрүп, өкмөткө талап коюп келатам. Анын арты менен айыл жерлериндеги муктаждыктар чечилген учурлар болду. Соңку жылдары капиталдык курулуштар кескин өскөнү менен аймактарда мектеп менен бала бакчалардын таңкыстыгы дале күч. Бул маселени Жогорку Кеңештин деңгээлинде системалуу түрдө көтөрүп, чечкенге аракетти улантам. Келечегибиз болгон жаштарга татыктуу шарттар түзүлүшү керек.
Сапаттуу медициналык камкордук
Саламаттык тармагында өлкө боюнча көйгөй курч бойдон калууда. Дарыгерлердин жетишсиздиги, медициналык жайларда имарат тартыштыгы, медкызматкерлердик маянасынын аздыгы жана жетиштүү колдоо болбогону. Бул багытта да комплекстүү иш-аракеттерди демилгелеп, калктын саламаттыгына байланыштуу чечимдерди сунуштайбыз. Аткаруу бийлигине зарыл болгон мыйзамдык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз.
Жол оңдолсо, турмуш оңолот
Мен буга чейинки депутаттык мезгилде элдин жашоо турмушунун ыңгайлуулугуна артыкчылык берип, буга байланыштуу көйгөйлөрдү жөнгө салууга көмөк көрсөтүп келдим. Ош шаары менен анын тегерегиндеги айылдардын, ички жана айыл ортолук жолдор боюнча маселе четинен чечилип жатканы менен дагы эле жасалчу иштер бар. Соңку жылдары мамлекет кирешени көбөйтүп, жол курууну жандантып келатат. Депутаттык мүмкүнчүлүк аркылуу өкмөт менен тыгыз кызматташып, бул округдун аймагындагы жолдорду жасоого жан үрөйм. Жол оңдолсо, турмуш оңолот.
Айыл чарба – экономиканын түркүгү
Кыргызстан агрардык өлкө болгону үчүн айыл чарба багыты биздин бардык аймак үчүн маанилүү. Бул багытта дыйкандарга каржылык колдоо, багыт берүү, ирригация маселеси, түшүмдү сатуудагы түйшүктөр көп. Бул багытта аткаруу бийлиги жасап келаткан иштерди талдап, дыйкандар үчүн эффективдүү болгон жумуштардын жасалышын талап кылабыз. Бул багытта замандын талабына жана чакырыктарына туура келген бирдиктүү иш-чаралар көрүлүшү маанилүү.
Спорт – жаштардын ынтымагы
Аймактарда айрыкча жаштарды ынтымакка үндөп, ар кандай терс адаттардан арылткан, саламатта жашоо образын түзгөн – спорт тармагы. Бул багыттагы инфраструктурага муктаж аймактар дале көп. Ошол себептүү спорт залдарды, оюн талааларын курууга басым жасайбыз. Соңку жылдары жогорку бийлик спорт тармагына басым жасап жаткан учурда биздин да сунуш-талаптарыбыз орундаларына ишенем.