ИБРАИМОВА АСЕЛЯ РАИМБЕКОВНА
Талапкер Ибраимова Аселя Раимбекованын кыскача өмүр баяны
Көп мандаттуу № 19 шайлоо округу
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулгам. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшыргам. Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келип, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетине которулгам. 2008-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап, юридикалык адистик боюнча диплом алып чыккам.
Эмгек жолумду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик мекеме — «Авиация департаментинин» адиси катары баштагам. Андан кийин жеке ишкерлик менен алектенип, элге юридикалык кеңеш жана кызмат көрсөтүп келем.