Талапкер Ибраимова Аселя Раимбекованын 

шайлоо алдындагы программасы

Көп мандаттуу № 19 шайлоо округу

 

Менин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болуп катышуудагы максатым — өлкөнүн мыйзамдарын модернизациялоо жана өнүктүрүү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, социалдык туруктуулукту бекемдөө жана бардык деңгээлде социалдык колдоо системасын өркүндөтүү.

 

Программанын негизги багыттары:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө, социалдык инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү, калктын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында финансы-экономикалык демилгелерди колдоо.
  2. Сокулук шайлоо округунун жана жалпы Кыргыз Республикасынын аймагындагы калк үчүн ыңгайлуу социалдык шарттарды түзүү максатында — жергиликтүү кеңеш депутаттарынын, айыл өкмөт башчыларынын жана райондук администрация өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу. Аталган мыйзамдардын толук аткарылышын көзөмөлдөө.
  3. Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык инфраструктура тармактарында өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча стратегиялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу. Бул программаларды мыйзамдардын негизинде ишке ашыруу механизмдерин түзүү.
  4. Жергиликтүү жана ведомстволук ченемдик-укуктук актыларды талдоо, алар социалдык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук кылып жатса — алардын ордуна жаңы ченемдик актыларды иштеп чыгууга демилге көтөрүү.
  5. Чүй облусунун Сокулук округундагы инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, калкты сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтар менен камсыз кылуу.
  6. Аймактагы социалдык инфраструктура мекемелерине заманбап технологияларды жана жабдууларды киргизүү үчүн тоскоол болгон ченемдик актыларды талдоо жана зарыл болгон учурда аларды жаңылоого көмөктөшүү.
  7. Сокулук шайлоо округунун тургундары үчүн акысыз юридикалык консультация пункттарын ачуу жана укуктук жардам көрсөтүү.
  8. Эл аралык уюмдар жана чет өлкөдөгү мекендештер менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана башка социалдык жактан аяр катмарга жардам көрсөтүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.