Саясий партиянын кыскартылган аталышы:

ЮЖБКга киргизилген күнү:14.10.1994

Саясий партияны түзүү ыкмасы

Уставынын кабыл алынган күнү:14.10.1994

Катталган аймактык бөлүмдөрүнүн саны: 23

Туруктуу иш алып баруучу коллегиалдуу органы: Партиянын саясий кеңеши

 

Саясий партия: «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу  кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы»

Контакт маалыматтары

Дареги: Бишкек ш., Чүй пр.,4 а;

Телефондору: 0 502 43 69 69;0550 43 69 69, 0771 43 69 69;

Коомдук кабылдама: (+996) 312 43 69 69;

Интернет түйүнүндөгү контакттары: e-mail почтасы - partiya.afganzev@gmail.com, Facebook –Партия Афганцев, INSTAGRAMM–partiyafgancev, YOUTUBE канал – Партия Афганцев;

Партиянын расмий сайты: partiya-afganzev.kg

Саясий партиянын саясий кеңешинин төрагасы: Таштанбеков Акбокон Дукенович

Таштанбеков Акбокон Дукенович–1963-жылдын 17-майында (57 жашта), Чүй областынын Кант районунун Жер-Казар айылында, көп балалуу үй-бүлөдөтуулган. 1970-жылы биринчи класска барган, 1980-жылы кечки мектепти аяктаган. 1981-жылдын октябрь айынан тартып 1983-жылдын декабрына чейин –афганистан Демократиялык Республикасында (АДР) Советтик Арминянын катарында аскердик кызматын откон. 2001-жылы И.Арабаев ат. КМУну аяктап, юрист квалификациясына ээ болгон. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2 –чакырылышынын депутаты болуп «Афганистан согушунун ардагерлеринин жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы» саясий партиясынын курамында шайланган. Үй-бүлөлүү – 6 баланы тарбиялап келе жатат.

Саясий партиянын максаттары жана милдеттери:

  • Ар бир жаранга татыктуу эмгек акы, турак-жай, сапаттуу билим берүүнү, социалдык коргоону, сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттыкты сактоону кепилдөө.
  • Үй-бүлө тууралуу ар тараптуу кам көрүү. Жаш үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоого алуу.
  • Коомду маданий-руханий жактан өнүктүрүү, адеп-алхак жактан туура багыт берүү, Кыргызстандын жарандарын мекенди сүйүү, өз өлкөсү менен сыймыктануу сезимине тарбиялаган, туура жашоону, жүрүм-турумдун жогорку маданиятын жайылткан искусство жана адабият тармагын колдоону мамлекет өзколуна алууга тийиш.
  • Партиянын жаш мүчөлөрүнө чектелбеген карьералык өсүш үчүн шарттарды түзүү, анткени партия жаштарды өзүнүн саясий ийгилигинин жана Кыргызстандын алдыга карай өнүгүүсүнүн пайдубалы деп эсептейт.
  • Ата мекендик продукциялар үчүн сатуу рыногуна кепилдик берүү. Ата мекендик өндүрүүчүнү ар тараптуу коргоо.
  • Коррупцияны түп-тамыры менен жою.

Башкаруучу органдары жана түзүлүшү тууралуу маалыматтар:Конференция, Партиянын саясий кеңеши, Саясий кеңештин Төрагасы.

Саясий партиянын жаштар уюму: жок

Саясий партиянын шайлоолорго катышуусу: 2000-ж., 2010-ж., Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолор. 2000-ж.Токмок (5тен – 5 мандат) жана Каракол (6дан – 6 мандат) шаарларынын Жергиликтүү Кеңештерине шайлоолор. 2020-жылы Токмок шаарынын Жергиликтүүү Кеңешине шайлоолор.