«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» программасы

 Биз бардыгыбыз бай жана өнүккөн өлкөдө жашоону каалайбыз!

Өлкө дээрлик 30 жыл бою, маал-маалы менен өлкөнү башкарып турушкан ар түрдүү «Лидерлердин» артынан ээрчиди. Ушул мезгил ичинде бардыгыбыз каяккадыр бара жаттык – бирок конкреттүү эмес, кандай максат үчүн экени – түшүнүксүз! Биз Советтер Союзунан 30 жыл илгери эле кеткенибизди билебиз, ал эми келген жагыбыз али белгисиз! Биз дайыма лидерлерди ээрчидик, дал ушул «Лидерлерди» – «Идеяны», «Идеология», «Конкреттүү программаны» ээрчигенибиз жок.

Биз түбү жок сындоодон, аягы жок, айрым учурда кооз сөздөрдөн – ишке, аракетке өтүүбүз керек!

«Афганистандагы согуштун ардагерлери» партиясы өзүнө ушул – Кыргызстанды алдыга алып баруу жоопкерчилигин алууга даяр. Биз өз өлкөбүздүн  жашоочуларынын кызыкчылыктарын билдирип турган бардык тараптардын үндөрүн уга алабыз жана, эң башкысы, так угабыз. Бул демократиянын негизи. Биз бирге – Кыргызстандын жарандарыбыз, бир калкпыз, тарыхыбыз жана баалуулуктарыбыз жалпы.

Биздин өлкөбүз азыркыга чейин эле айрым бир инсандардын айланасына биригишип келе жатат! Партияны, өлкөнү башкарган кайсы бир инсандарга! Биз Партияга жана эң башкысы Идеяга эмес добуштарын беришкен кайсы бир инсандар үчүн добуш бергенбиз!

Бүгүн биз конкреттүү бир «Идеянын» айланасына чогулууну сунуштоодобуз. Эли жакыр болуп турган кезде, өлкө эч качан – бай боло албайт!

«Афганистандагы согуштун ардагерлери» партиясы сиздерге анын эң башкы Идеясы – бүткүл өлкөнү бириктирүү болгон программаны сунуштамакчыбыз!

 

БИЗДИН МАКСАТТАРЫБЫЗ

  1. Ачык-айкын акыйкат демократиялык жарандык коом.
  2. Бакубатчылыктарды алуудагы теңдеш жана эркин атаандаштык.
  3. Жогорку технологиялуу креативдүүэкономика.
  4. Ой жүгүртүүчү, тапкыч адамдарды чыгара турган билим берүүнүн натыйжалуу тутуму.
  5. Дени сак жаш муун.
  6. Технологиялардын өнүгүүсүнүн жогорку даражасы.
  7. Бийликтин ачык-айкындыгы жана чынчылдыгы.
  8. Укуктун жана мыйзамдуулуктун диктаты.

Саясий уюм катары Партия демократиялык шайлоолор жолу менен мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, төмөнкү негизги милдеттерди ишке ашыруу үчүн кирүүгө умтулат:

  1. ар бир жаранга татыктуу айлык акыны, турак-жайды, сапатуу билимди, социалдык коргоону, сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттыкты сактоону кепилдөө;
  2. үй-бүлө тууралуу ар тараптуу кам көрүү. Жаш үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо;
  3. анда мамлекет өзүнө Кыргызстандын жарандарында мекенчилдик сезимин, өз өлкөсү үчүн сыймыктанууну тарбиялай турган, дени сак жашоо образын жана жүрүм-турумдун жогорку маданияттуулугун пропагандалоочу искусстводогу, жана анын ичинде адабияттагыруханий дени сак багыттарга колдоо көрсөтүүнү өзүнө алууга тийиш болуучу коомдун маданий-руханий өнүгүүсү;
  4. Партиянын жаш мүчөлөрүнө чектелбеген карьералык өсүш үчүн шарттарды түзүү, анткени Партия жаштарды өзүнүн саясий ийгилигинин жана Кыргызстандын уламдан-улам өнүгүүсүнүнпайдубалы катары эсептейт;
  5. ата мекендик өндүрүштүн продукциялары үчүн сатып өткөрүү рынокторун кепилдеп сунуштоо. Атамекендик өндүрүүчүнү бардык тараптан коргоо.
  6. Коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылуу.

 

Партиянын программасы

 

Турак-жай программасы

 

            Биз көп ойлондук, башкысы эмне? Партия үчүн жана бүткүл калк үчүн эмнени артыкчылыктуу деш керек?! Биз ойлойбуз, өлкөнүн эң башкы маселелердин бири – бул турак-жай маселеси. Албетте, муну аларда турак-жайы жоктор түшүнүшөт, а биз болсо – жөнөкөй калкпыз! Биринчи кезекте биз бүткүл калкты жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоого тийишпиз!

БУУ тарабынан 1948-жылы кабыл алынган адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясы, «турак-жай адам үчүн анын бакубаттыгын колдоп туруудагы зарыл боло турган жашоо деңгээлинин ажыратылгыс түзүп туруучусу болуп саналат. Турак-жайынын бар болушу адамдын эң башкы керектөөлөрүнүн бири болуп саналат» деп жар салат.

БУУнун экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитети 1991-жылы, ушул укук, жок эле дегенде, төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш экендигин аныктаган: «жашап турууну камсыздоо, чыгашалар көз карашынан жеткиликтүүлүк, жашап туруу үчүн жарактуулук, кызмат көрсөтүүлөргө карата жеткиликтүүлүк жана жакындык, инфраструктуранын бар болушу жана маданий көз караштан алгандагы адекваттуулук».

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-бер. ылайык:

  1. Ар ким турак-жайлуу болууга укуктуу.
  2. Эч ким турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратыл бооготийиш.
  3. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары турак-жай курулуш унколдоого алышат, турак-жайына карата укук тарды ишкеашыруу үчүн шарт түзүшөт.
  4. Аз камсыз болгон жана башка мукта жадамдарга турак-жай мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак-жай фонддорунан же болбосо мыйзамда каралган негиздерде жана тартипте социалдык мекемелерден бекер же мүмкүнчүлүккө жарашаакы үчүн берилет.

 

Ошондуктан Партиянын программасынын негизи бул – турак-жай маселеси!

Биз тарыхты унутпоого тийишпиз. Бул тарыхтан биз бир нече барагын айрып сала албайбыз, ал кандай болсо дагы! Өткөн мезгилдерде абдан көп пайдалуу жана жакшы нерселер жасалган. 70-80-жылдарды эстейличи, анда Фрунзе шаарын гана эмес, Токмок, Ош, Балыкчы шаарларынын жана өлкөнүн көптөгөн аймактарынын массалык курулушу жүрдү эле го. Көптөгөн турак-жай үйлөрү, фабрикалар, өнөр жай ишканалыр, архитектуралык курулуштар тургузулган.

Батир алууга кезек бар болчу, жана ар бир жаран, ал өзүнө бериле турган батирди сөзсүз алаарын биле турган! Жана бул, анын ээлеген кызмат ордунан, короо шыпыргыч же окумуштуу болгонунан көз карандысыз эле!

 

Мамлекеттик Ипотекалык кредит берүүнүн бүгүнкү программасы калкты турак-жай менен камсыздоого жөндөмсүз. 1974-жылдан тартып 1990-жылга чейин 53,135 млн. чарчы метр курулган, ал эми 1991-жылдан бүгүнкүкүнгөчейин30,439 млн.чарчы метр курулган. Кыргыз Республикасында коңшу республикалардын деңгээлине чейинки турак-жай менен камсыздоо көрсөткүчтөрүнө (бир адамга карата 18 чар.м.) жетишүү үчүн жалпы аянты 30,25 млн чарчы м. (7446га жакын ири панелдүү көп батирлүү үйлөр) турак-жайын куруу талап кылынат. МИКти өнүктүрүү стратегиясы 2020-жылга карата стратегиялык максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди аныктайт: эконом-класстагы турак-жайдын 130 миң чар.м. куруу.

Эгерде биз ушул жолго сала турган болсок, анда азыр муктаж болгондордун кезегинде турган акыркы адам батирин 200дөн ашуун жылдан кийин гана ала алат. Жана бул калктын табигый өсүүсүн эске албай, жана 50 жылдан кийин үй жараксыз боло тургандыгын, башкача айтканда аны эксплуатациялоо мөөнөтү аяктай тургандыгын эсепке албаганда.

Республиканын бардык аймактарында таптакыр эле балдар бакчасы, мектептер, ооруканалар жетишпейт. Бала бакча бүгүнкү күндө көптөгөн ата-энелердин баш оорусу. Ошондой эле мамлекеттик мектептердин, ооруканалардын жетишпестиги эбегейсиз. Афганистандагы согуштун ардагерлери партиясы турак-жайды баштапкы салымсыз, үч адамдан турган үй-бүлө үчүн турак-жайдын аянтына жараша 10-15 жыл төлөө мөөнөтү менен ай сайын 7 000 сомдон пайызсыз төлөө менен берүүнү сунуштайт.

Партиянын программасы боюнча жылына 2 млн. чар.метр турак-жайы киргизилип турмакчы. Кабаттуу тамдар гана эмес, айыл жергесинде кадимки дыйкан коттедждери дагы. 10 жылдын ичинде Кыргызстандагы турак-жай проблемасы чечилет. Ошондой эле бул программа боюнча батирлер жана үйлөр гана курулбастан, бүткүл инфраструктура, ошондой эле  заводдор, фабрикалар жана айыл чарба багытындагыобъекттеркурулмакчы.

Ушул долбоорду ишке ашырууга карата жүгүртүү каражаттарын эске алуу менен 80-85 миллион доллар керек болот. Бул даяр колонналарды, ригелдерди, тосулма плиткаларын чыгаруу боюнча иштерге, үч бурчтуу каркастан даярдалган ж.б. панель жана каркастык-панелдик үйлөр үчүн керек, анткени мындай үйлөр абдан тез тургузулушат.

Бул программа реалдуу! Биз толугу менен ТББ заводдорун куруу менен алектенишкен экикомпания менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул компаниялардын бири Иракта 5 жыл ичинде 100 000 батирден турган кичирайонду курган. Бул Иракта! Ал жакта дээрдик бардык турак-жай үйлөрү талкаланган!

Азыркы учурда мамлекет тарабынан ипотекалык кредит берүүнү каржылоо үчүн 20 жыл мөөнөтү менен жылдык 1% болуучу 10 000 000 еврого Азия өнүктүрүү банкы жана 100 млн. долларга Европа турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул каражаттарды аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн багыттоого мүмкүн болмок.

Бүгүнкү күндө дээрлик ар бир партияла мындан байып кете турган курулуш магнаттары бар экенин биз түшүнөбүз. Азыр Мамлекеттик Ипотекалык кредит берүү программасы боюнча батирди алуу жөнөкөй мугалим үчүн ортомчулар – банк жана курулуш компаниясы аркылуу жүзөгө ашырылат, алар өздөрүнүн бардык чыгымдарын жана кирешелерин батирдин өздүк наркына кошо салышат. Жана ушунун баары жөнөкөй мугалимге жүктөлөт.

Эгерде курулуш материалдарына болгон баалар ушундай эле кала турган болсо, анда толук бүтүрүүчү курулуштун 1 чар. метринин баасы жабдууларды амортизациялоону, Үй куруу Корпорациясынын кирешесин, кредиттерди кайтарууну эске алуу менен 380$ түзөт. Анан дагы бюджеттик каражаттарды сабаттуу бөлүштүрүү учурунда, Үй куруу комбинаттарын гана курбастан, башка шаарлары сыяктуу ар түрдүү аймактарында бир нече мындай заводдорду ишке киргизүү боюнча кеңири программаны жасоого дагы мүмкүн болот. Жаңы заводдордун менчик ээси жөнөкөй жумушчу болуп, мамлекет кепил катары чыгуусу керек.

 

Биз биргелешип бул программаны жүзөгө ашырабыз!

Өнөр жай жана агрардык секторду өнүктүрүү

 

Бүгүнкү күндө республикада заводдордун, фабрикалардын, өнөр жай имараттарынын ири саны токтоп турат.

Көз карандысыздыктын 30 жылы ичинде кандай гана реформа болгон жок, бирок эч нерсе чыкпады. Советтер Союзу таркап кеткенден кийин биз жеке секторго ишендик, бардык заводдорду приватташтырышып алып, өнөр жай кайра жанданат деп! Бирок, тилекке каршы, алгачкы 5-10 жыл заводдордун мурунку директорлору акциялар үчүн күрөшүштү, анткени алар байэмес адамдардан болушкандыктан, акцияларды сатып алууга мезгил коротушту. Бул ишканаларда болгон бардак ондогон жылдарга созулду...

Бул убакыт ичинде жабдуулар эскирип кетти. Советтик мезгилде түзүлүп калган чынжырча, колхоз, совхоздордон тартып бүткүл продукцияны кайра иштеп  чыгууга чейин – үзүлүп калды. Ушуга байланыштуу, миллиондогон койлордон алына турганмиллиондук чийки зат менен камсыздалып турган фабрикалар – талкаланышты.

Айрым заводдор алар өндүрүштү кайра таптакыр жанжандыра албаган биздин өлкөнүн олигархтары деп аталуучулар тарабынан сатылып алынган!!! Суроо: «ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?»! Бизде чечилиш бар!!! Биз тарыхка кайрылуубуз керек!

Биздин республикабыздын алгачкыпрезидентиАкаев Аскар, бардык жерди таркатып жана колхоз менен совхоздорду  жоюп салуу менен өтө одоно ката кетирген... Эмне кылуу керек, кантип аларды бириктиребиз? Эки жол бар: «Камчы» жана «Пряник». «Камчы» методун 1920-жылдары, качан революциядан кийин кулактардан жерди күч менен тартып алгандан кийин колдонушкан, анда күчкө салып коллективдештирүү жүргөн. Бүгүн ал боло бербейт.

Экинчи жол – бул «Пряник». Биз дыйканды ал өзү жери жана мал-жаны менен келгендей кылып кызыктыра алганга чейин, биз эч нерсе кыла албайбыз!

Ар кыл болгон тектүү эмес миллиондогон койлордун башынын ордуна – ар түрдүү көрсөткүчтөрү боюнча, мисалысүтү, жүнү, эти ж.б.у.с. көрсөткүчтөрү боюнча жогору боло турган асыл тукум малга өтүү керек. Дыйкандар жүндү, терини аларды тапшыра турган жер жок болгонунан улам ыргытып жатканын кантип оңдоого болот?

Бардык майда фермерлерди ири чарбаларга бириктирүү керек! Бул үчүн ири корпорацияларды куруу зарыл.

Биз дыйкандыири корпорацияларга биригүүгө кызыктырууга тийишпиз. Мамлекет гана кепил боло алат жана дыйкандар гана ушул корпорациялардын менчик ээлери болууга тийиш. Башкача айтканда дыйкандардын өздөрү алардын эти, алардын жүнү, алардын терилери ж.б.у.с. канча баада болууга тийиш экенин чечүүлөрү керек. Дал шондо гана бардыгы ушул корпорацияга кире башташат, менчик ээлеринен болгулары келет, башкарууну жана киреше алууну каалап калышат.

Айыл чарбасын өнүктүрүүнү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу менен байланышкан артыкчылыктуу багыт катары эсептөө керек.

Мамлекет өнөр жайын чийки затты экспорттоодон даяр продукцияны экспорттоого өткөрүү үчүн өнөр жайын реструктуризациялоо процессин камсыздоого тийиш.

Бүгүнкү күндүн парламентинин 70% ащууну, Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жарымынан көбүрөөгү мындай өзгөрүүлөргө кршы чыгышат! Эмнеге? Анткени алар курулук компанияларынын, корпорациялардын, заводдордун жана фабрикалардын менчик ээлери болуп саналышат. Алар аларкимдир бирөөлөр арзан батирлерди куруусуна, жаңы завод, фабрикалардын курулушуна жол беришеби? Албетте «Жок»! Ошондуктан Кыргызстанда түп-тамырынан бери революциялык өзгөрүүлөр зарыл, дал ушул адамдардын аң-сезиминде өзгөрүүлөр болушу керек! Өкмөттүн өлкөнү өнүктүрүүгө болгон бардык аракеттери, гранттардын жардамы, инвестицияларды тартуу ж.б.у.с. менен эч нерсеге жетише албадык, уламдан-улам начарлап бара жатат бардыгы. Каалагандай учурда бул заводдордо жана өндүрүштөрдө аянттары гана пайдаланылышы мүмкүн. Анткени азыркы заманбап жабдуулар үчүн, эски советтер доорунданы өнөр жай машиналарына салыштырмалуу абдан эле аз аянттар талап кылынат эмеспи. Биздин эл биз биргелешкенде гана бардык проблемаларды чече ала турганыбызды түшүнүшү керек!Дал ушул биригишип жана бир муштумга түйүлгөндөн гана!!!

 

Билим берүү.

 

Адам цивилизациясынын өнүгүү деңгээли билим, интеллектуалдык эмгек менен аныкталат. Калк канчалык билимдүүрөөк жана маданияттуураак болбосун, ал ошончолук материалдык жана руханий жактан бай келет. Билим берүүнүн жана өз калкынын маданиятынын жогорураак деңгээлисиз өлкөнүн келечеги болбойт.

Бардык адамдар төрөлгөндөн теңдеш, ошондуктан ар бир адамга билим алууга карата, илимге жана маданиятка карата анын жана анын ата-энесинин материалдык абалынан көз карандысыз теңдеш жеткиликтүүлүк камсыздалууга тийиш.

Биздин программабыз жалпы билим берүү мектептерин жана жогорку окуу жайларынын тутумун ар түрдүү баскычтарга бөлүштүрүүнү жана реформалоону караштырат.Сиздер өзүңүздөр көрүп жатасыздар, азыркы абалда турган кезде, бизде жаштарыбыздын 70% билимсиз.

Билим берүү программасын республикалык масштабда реформалоо!

9-класска чейинки милдеттүү орто билим берүүгө өтүү. 9-класстан кийин класстарды биологияны жна химияны, математиканы жана физиканы ж.б. тереңдетип окуусу бар класстарга топтоштуруп түзүү. Бул төмөнкүдөй проблемаларды чечет;

  1. Мектеп окуучусу келечектеги адистикти тандайт, жана ага убактысын кереги жок предметтерди окууга коротуунун зарылдыгы жок. Бул убакытты үнөмдөп, аны келечектеги кесибине даярдайт.
  2. Мамлекет эмгек рыногунда талап кылына турган адистиктерди эсепке алууну жана өнүктүрүүнү жүргүзөт. Инженерлер, так илимдерди окутуучулар сыяктуу адистиктер жана башкалар. Бүгүнкү күндө биздин «Турак-жайпрограммабызда»мугалимдер үчүн жашап туруу шарттары жана жеңилдиктер караштырылган, жаш мугалимдер үчүнбатирлер кулөрулуп жана берилип турмакчы. Бул батирлер мектептердин балансында болот. Анан 3 жылдан кийин мугалимгетурак-жай сатып алуу мүмкүндүгүн беришет. Пайыздарсыз жана өздүк наркы боюнча!
  3. Өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектеп окуучулары үчүн программага аралыктан туруп (дистанттык) окутууну киргизүү. Физика, химия мугалимдери жана башка предметтердин окутуучулары критикалуу жетишпей жаткан онлайн топтук сабактарды өткөрүү үчүн ошол эле интерактивдүү доскаларды пайдалануу!
  4. Мектеп окуучулары үчүн толук кандуу тамактанууну уюштуруу. Бардык рангдардагы, мэрлер, депутаттар, Жогорку Кеңеш, министрликтер ж.б.у.с. биздин чиновниктерди багуудан үнөмдөлгөн акчаларга, бюджеттен бир балага күн сайын бөлүнүүчү 14 сомдук арзыбаган сумманын ордуна (7 сом мамбюджеттен, 7 сом жергиликтүү бюджеттерден)балдарды толук кандуу тамактандыруу.
  5. Мурда, качан адамдар университеттерге тапшыра турган болсо, алар чыныгы студенттерге айланышчу, китепканаларга барышчу, окуу процессине жана окутуучуларга урматтоо менен мамиле кылышчу. Караңыздарчы, бүгүн эмне болуп жатат! Азыр студент жөнөкөй кардарга айланган. Эмгек акыны кубалап университеттер принцибинде бизге кереги жок адистиктерге студенттерди кабыл алышууда, студенттер саны Кыргызстанга азыр керек болгондон бир нече эсеге ашыгыраак. Бардык предметтер акчага «жайгарылышат». Алсак «Юрист» адистиги ар бир университетте бар, ал эми физика мугалими сыяктуу адистер – жетишпейт. Эмне кылуу керек?!Жетишпей жаткандыгы үчүн бүгүн окуудан чыгарылбайт, бул ресторандан кардарды бир нерсени туура эмес заказ кылганы же арак ичкендиги үчүн кубалап чыгуунан эле өзү ж.б.у.с. Башкача айтканда студент кардарга айланып калды, жана бул мугалимге аны чыгарып салууга жол бербейт.

Кайталанган факультеттери бар ЖОЖдордун санын кыскартуу. Каалагандай атаандаштык – сапатты жаратат, жана эгерде студент үчүн атаандаштык жок болсо, анда табигый түрдө билим берүүнүн сапаты боло бербейт.

  1. Ошондой эле мугалимдин абийирин жана кадыр-баркын коргоо керек! Мыйзамдарда мугалимдердин укуктарын жана аброюн ар түрдүү бузгандыгы үчүн жазалоону киргизип жана аларды бекем сактоо зарыл.

 

Саламаттыкты сактоо

 

Дени сак улуттар социалдык мамлекеттик башкы жоопкерчилиги болуп саналат.

Мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдери үчүн конкреттүү максаттар коюлушу жана натыйжалуу ишмердик багыттары берилиши керек: өлүмдү кыскартуу, төрөлүүнү жогорулатуу, ооруларды кыскартуу, жашоо узактыгын жогорулатуу, деңгээлдин жана жашоо сапатынын белгилүү көрсөткүчтөрүнө жетишүү.

Партиянын«Турак-жай программасынын»негизинде өлкөнүн бардык аймактарында өтө кыска мөөнөттөрдө ондогон жаңы ооруканаларды курууга мүмкүн болот. Архитектуралык туура долбоорду жаратуу менен, ооруканаларды пландаштырууну жана схемаларын мыкту уюштуруу боюнча бардык аспекттерди көңүлгө алып туруп, бүткүл республика боюнча ушуга окшошторду куруу керек. Анткени бизде бир имаратты долбоорлоо үчүн эбегейсиз акчалар коротулууда.

Саламаттыкты сактоо тутумуна республиканын ар бир жаранына эсепке алуу эсебин ыйгаруу менен бирдиктүү маалыматтар базасын киргизүү керек. Бул айыгуу процессине жана бир ооруну дарылоого гана көз салбастан, адам балалыгында же бир нече жыл мурун эмне менен ооруганын билүүгө болот. Ушул маалыматтардын негизинде дарыгерге бейтаптарды дарылоого бир топ эле жеңил болмок.

Оорулуулар үчүн электрондук кезекти киргизүү дагы керек. Бул абдан ыңгайлуу, анткени дарыгер бейтапты кабыл алуудан мурун оорулуунун тарыхын биле алат, бул кошумча убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Жана бул бир оорулуулардын башкаларыменен контакттарын максималдуу азайтууга шарт түзөт. Анткени оорулуулар, кезектерде көпкө туруу менен дагы бир нече ооруларды жуктуруп алышы мүмкүн да.

30 жаштан 50 жашка чейинки аялдарды аялдар репродукциялык тутумундагы жаңы пайда болуу предметине каратамилдеттүү акысыз изилдөөнү мыйзам тарабынан бекитүү. Өлкөнүн бардык аялдары жылына эки жолу акысыз изилдөөдөн өтүүсү үчүн бардык шарттарды камсыздоо. Прогресстеги ооруну дарылаганга караганда алдын алуу жеңилирээк. Ошондой эле кош бойлуулуктун баштапкы баскычтарында уруктагы ооруларды акысыз аныктоону киргизүү керек. Келечектеги эне патология тууралуу алдын ала билүү менен баласын калтыруу же калтырбоо чечимин кабыл алуусу керек. Акыркы 10 жыл ичинде өлкөдө патологиясы бар балдардын төрөлүүсү 3 эсеге өсүп кеткен. Бул балдар жакшы болгон учурда үй-бүлөдө калышат, аларда өмүр бою эне менен бала мындай жашоонун бардык татаалдыктарынан өтүшөт. Начар болгон учурда аларды майыптар үйүнө өткөрүшөт да, алар өлбөстүн күнүн көрө башташат.

Тарбиялоо жана билим берүү тутумунда бардык жагынан жана туруктуу ар бир жаранга бала кезинен тартып жеке дене тарбиясынын зарылдыгы жана спорттук өркүндөөгө умтулуу тууралуу билимдер комплексин берүү зарыл.

Дене тарбиясынын жана спорттун социалдык статусун жогорулатуу, дени сак массалык спорт инфратутумун түзүү талап кылынат.

 

Коррупцияга каршы күрөшүү.

 

Ушунча жылдан бери коррупция менен күрөшүп келе жатабыз! Баары бекерге кетти. Мамлекет бүгүнкү күнү жер-жерлердеги коррупция менен күршүүшө күчү жетпейт! Эми болжол менен республиканын бюджетинен канчалык үнөмдөөгө боло тургандыгын эсептеңизчи! Бүгүн санариптик технологиялар дүйнөсү, кат алышуу жана башка уюштуруу маселелери үчүн интернет бар, жыйындарды өткөрүү үчүн селектордук жыйналык, конференц-байланыш бар. Бүт дүйнө жүзү 21-кылымдын бакубатчылыктарын колдонууда! Бул убакытты дагы, акчаны дагы үнөмдөйт! Биз дагы мобилдик жана жөнөкөйлөштүрүлгөн мамлекеттик башкаруу тутумуна өтүшүбүз керек. Элестетсеңтз, ушул мэрияда үнөмдөлгөн акчаларга биз канча мектепти интерактивдүү доскалар менен жабдый алабыз?! Мисал үчүн, бизге 700 долларга жакын баада турган интерактивдүү досканы сатып алып,бир мектепке белек кылдык дейли. Аларда бир доска бар эле, бирок аны 1500 АКШ долларына сатып алышкан, жана сапаты боюнча ал биздикинен алда канча начар болчу. Же дагы бир окуя: биз электрдик иштеткичи бар майыптар арабасын, джойстиги менен, электрге туташтырыла турган, сапаттуу арабаны алып келдик да, аны муктаж болгон бир нече адамга белек кылдык дейли. Биз ал үчүн салыкты, ташып жеткирүүнү төлөөнү эсепке алганда араба 350 долларга турду. Ал эми мамлекетке араба 600 – 1100 АКШ долларына сатылып келинүүдө. Бул эмнеге мындай болууда? Анткени мамлекет баарысын ортомчулар аркылуу, завод даярдоочудан тике эмес сатып алууда. Мамлекет дароо эле тике сатып алышы керек, мисалы, бардык айыл өкмөттөрү үчүн, бардык мектептер жана башка мамлекеттик мекемелер үчүн компьютерлерди. Бул өлкө бюджети үчүн эбегейсиз акчаларды үнөмдөйт. Ошондой эле ташып жеткирүүчүлөргө, алар бизде сервистик борборлорду ачышы, запастык бөлүктөрдү беригши үчүн шарттарды коюу керек. Жана дагы бир плюсу – бул компьютерлер чыныгы болушат, чыгарылып салынган же Кытайдан колдонуудан чыгарылып салынган, алэми биздин ортомчулар кутусун алмаштырып жана мектептерге сатып жаткан эски эмес.

Бүгүнкү күндө коррупциянын түп-тамырын биз 100%, албетте, кырка албайбыз! Бирок мэриянын, жергиликтүү жана айылдык кеңештердин бюджеттик чыгымдарын кыскартып, жана бардык чыгашаларды катуу контролдукка алып, биз бийлик өкүлдөрүндө бар болгон азгырыкты кетире алабыз. Бул коррупция менен күрөшүүнүн методдорунун бири.

Биз бардыгыбыз билебиз, шайлоо учурунда добуштар 1000 сом же 2000 сомго сатылып алынат. А сиз ушул акчалар кайдан келип жатат деп суроо койдуңуз беле? Ал акчалар болсо балким жаңы жолдондур, же сиздин балаңыз окуган мектеп үчүн жаңы компьютердикидир, анткени сиздин добушту сатып алган адам, ошол партия ушул акчаларды эселеп чыгарып алышы керек да, жана алар албетте бийликке келээри менен уурдай башташат... Ошентип, сиз өз добушуңузду сатуу менен, Сиз келечектеги коррупционерлерге старт берип, шарт түзүп жатасыз.

 

Корутундулап жатып, айткыбыз келет, биздин өлкөбүз жана биздин калкыбыз, эгемендүүлүктүн дээрлик 30 жылын басып өтүп, өзгөрүүлөргө даяр!!! Жана биз чогуу гана Кыргызстандын жаркын келечегине келе алышыбыз мүмкүн!

Биз Кыргызстандын ачык жана демократиялык коомго, чындыгында ар бир жаранга анын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын, акыйкат соттук коргонууну, билим алууга, маданиятка, чыгармачылыкка жана мамлекеттик башкарууга карата теңдеш мүмкүндүктөрдүн кепилдей ала турган социалдык багыттылган мамлекетке карата жантаюусуз интенсивдүү кыймылын камсыздайбыз.

Афганистандагы согуштун ардагерлери партиясы өзүнүн программалык максаттарыг ишке ашыруунун жападан-жалгыз мүмкүн болгон жолу деп ушул Программа тарабынан декларацияланып жаткан баалуулуктарды башка саясий партияларменен ачык-айкын жана чынчыл таймакта кеңири элдик колдоого жетишүүсүн эсептейт. Ошону менен бирге, Партия, өзүндө алар боюнча прицнипиалдуу пикир келишпестиктери жок болгон башка саясий партиялар жана коомдук уюмдар менен кызматташууга жана коалицияларды, бирликтерди жана блокторду түзүүгө ниеттенүүдө.

 

«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»

Саясий кеңешинин Төрагасы                                                                    А.Д. Таштанбеков